А. АКАЕВДИН КЫРГЫЗ ОППОЗИЦИЯСЫН СЫНГА АЛЫШЫ ТҮРДҮҮ ПИКИР ЖАРАТУУДА

Бакыт Аманбаев, Бишкек Президент Аскар Акаевдин 21-декабрдагы Коопсуздук Кеңешинде оппозиция өкүлдөрүн сынга алышы, кыргыз коомчулугунда карама-каршы пикирлерди жаратууда.
21-декабрда Өкмөт Үйүндө өткөн Коопсуздук Кенешинин жыйынында, президент Аскар Акаев республиканын ички-тышкы коопсуздугуна токтолуп, «учурда Кыргызстанга негизги коркунуч республиканын сыртынан эмес, өлкөнүн ичинен болууда. Мындай коркунучту өз жеке кызыкчылыгына жетүү максатында кыргыз оппозициясы элдерди козутуу менен пайда кылууда», деген пикирин билдирди.

Көпчүлүккө маалым, мындан бир нече ай илгери, тагыраак айтканда, үстүбүздөгү жылдын жаз, күз айларында өлкөдө пикет, жөө-жүрүштөр көбөйүп, саясий абал оордогон. Натыйжада, республикадагы аткаруу бийлик өкүлдөрү, эркин саясатчылар, ал тургай оппозиция өкүлдөрү бир ооздон «келечекте республикада тынчтыкты камсыз кылуудагы бирден бир жол - өлкөдөгү коомчулуктун бардык өкүлдөрүн катыштырган «тегерек стол» жыйынын өткөрүп, ийри отуруп түз кеңешүү» деген ойду колдошкон. Андан соң өлкөдөгү ар кандай күчтөр биринен сала бири «тегерек стол» жыйынын өткөрүүгө аракет жасашкан. Иш жүзүндө мындай аракеттер ийгиликсиз аяктап, өлкөдөгү саясий абал курчуй берген.

Натыйжада, президент Аскар Акаев өлкөдө түзүлгөн кризистик абалдан чыгуу үчүн республиканын Баш Мыйзамына өзгөртүү киргизүү зарылчылыгын айтып, көп өтпөй Конституциялык Кеңеш түзүү сунушу менен чыккан. Кеңешке республикадагы бардык күчтөр тартылып, оппозициянын анабашы делинген Абсамат Масалиев, Өмүрбек Текебаев Конституциялык Кеңештин төрагасынын орун басарлары болуп, А. Акаев менен бир столго отурушкан. Аталган окуядан көп өтпөй Аскар Акаев Америка Кошмо Штаттарына барып, америкалык бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшкөн учурда кыргыз бийлиги оппозиция өкүлдөрү менен тил табышкандыгы тууралуу пикирин билдирген.

Негедир мына ошол иш сапарынан көп өтпөй, мамлекет башчысы оппозицияга карата мамилесин өзгөртө баштады. Буга президенттин соңку мезгилдеги республиканын жер-жерлерине барганда сүйлөгөн сөздөрү күбө. Маселен, президент өткөн айдын соңунда Ош областына иш сапары менен барганда, оппозиция өкүлдөрүнүн ар бирине токтолуп, сын пикирин билдирип, «мен келечекте оппозиция өкүлдөрү менен эч кандай жыйынга бирге отурбайм» деген оюн кесе жарыялаган.

Ошентип, учурда «Эмне үчүн мамлекет башчысы өз көз-карашын кескин өзгөрттү?» - деген суроого кыргыз коомчулугунда түрдүү пикирлер жаралууда.

Маселен, айрым эркин көз караштагы аналитиктер «Аскар Акаев атайылап, оппозиция өкүлдөрүн таарынтып, Конституциялык Кеңеште бир өңчөй бийликти жактаган адамдарды калтырууну көздөөдө. Мындай аракети менен бийлик жакында боло турган республиканын Баш Мыйзамына аткаруу бийлиги каалагандай өзгөртүү жана түзөтүүлөрдү киргизүүнү пландаштырууда» деген пикирин айтышууда.

Ал эми «Афганчылар» партиясынын атынан шайланган Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Акбөкөн Таштанбеков, «мамлекет башчысынын жогорудагыдай аракети мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени, президенттин буга чейинки оппозиция менен жакындашуу аракеттерин эч нересе чыккан жок» деген пикирде.

«Менин оюмча бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени президенттин артында деле кишилер турат. Алар деле айтат да, «качанкыга чейин чыдайсың, сен деле жооп бербейсиңби», деп. Менин оюмча президент мына ушундан улам жогорудагыдай пикирин билдирди», - дейт ал.

Мыйзамчы депутат Акбөкөн Таштанбековдун жогорудагыдай пикирине республикадагы «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын штаб жетекчиси, депутат Исмаил Исаковдун көз-карашы карашы-карама-каршы келет. Анын пикиринде, президент жогорудагыдай билдирүүсүн оппозиция өкүлдөрү көтөргөн маселелерден чочулоодон улам жасоодо.

«Президент оппозиция өкүлдөрү кыргыз жерин Кытайга мыйзамсыз бергендигин аныктап жаткандыгынан коркууда. Анткени барган сайын жөнөкөй элдин өкүлдөрү жердин Кытайга мыйзамсыз берилгендигин түшүнө баштады. Ошондуктан жасаган айыбы эл алдында ачылып калбасынан чочулаган президент оппозицияга асыла баштады. Болбосо оппозиция эч убакта Кыргызстанга коркунуч туудурган жери жок», - дейт мыйзамчы-депутат Исмаил Исаков.

Ал эми башка мыйзамчы-депутат, «Ата Мекен» социалистик партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, чындыгында эле учурда өлкөдө барган сайын саясий кырдаал курчууда. Андан чыгуу үчүн келечекте оппозиция жана бийлик өкүлдөрүнөн эки жылга убактылуу, курама өкмөт түзүү зарыл. «Республикада саясий кырдаал барган сайын курчууда. Эгерде, келечекте саясий абал мындан ары да курчуй берсе, ошол абалдан чыгууга мүмкүн болобу же болбойбу, белгисиз. Ошондуктан, келечекте коалициялык өкмөт түзүү керек. Ал өкмөткө эл ишенген оппозиция, бийлик өкүлдөрү кирип, бирдиктүү бир программа иштеп чыгуусу керек. Мындан сырткары, ал өкмөт «биз өзүбүз түзгөн программаны гана ишке ашырабыз, келечекте президенттик шайлоого барбайбыз» деген убадаларын берүүсү керек. Мен мындай идеяны «Ата-Мекен» социалистик партиясынын атынан расмий түрдө сунуш кылам. Эгер бийлик өкүлдөрү укса, балким ушул жолду тандап алаар», - дейт депутат Өмүрбек Текебаев.