САДДАМ КАНДАЙ САЗАЙ ТАРТАТ, КАНДАЙ САЛАКА КАЛТЫРАТ?

Перси булуңуна Кошмо Штаттары өзүнүн аскер контингентин топтоп жатканына карабастан Ирак проблемасын жайчылык менен жөнгө салганга дале мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу Вашингтон администрациясынын өкүлдөрү,президент Жорж Буш өзү ырастоодо. Ал кандай мүмкүнчүлүктөр?
“Азаттыктын” Вашингтондогу кабарчысы Жеффри Донован билдирген маалыматтарга караганда, америкалык администрация Иракка жуук райондорго топтолуп жаткан ири контингентти президент Саддам Хусейндин режимине кысым көрсөтүп,аны ООНдун инспекторлору менен тыгыз кызматташканга мажбурлоо үчүн керек дегендей кыязда түшүндүрүшөт. Дегинкиси, Иракка каршы согуш ачылары айныксыз иш болуп калды деген кептерге Вашингтондук ырасмий өкүлдөр кыйла эле таңдоосуна каяша кылышат. Муну шейшемби күнү Пентагондогу пресс-конференцияда коргоо мекемесинин башчысы Дональд Рамсфелд да ырастады.”Айрымдар “айныксыз” деген сөздү эмне үчүн ооздон түшүрбөй калышты,мен билбейм,-деп айтты Пентагондун башчысы.- Иш али кайра жангыс абалга жете элек. Эң оболу Саддам Хусейн бийликтен түшүп, башка бир өлкөгө баш
калкалап кетсе,баарына жакшы болмок. Болбосо ал жолой-жосунун өзгөртүп,өзүнүн бардык аскери күч-күрдөөсүн ООНдун инспекторлоруна толук көрсөтүшү керек”.

Бейшемби күнү мисирлик “Аш-Шарк аль-Аусат” гезити маалымдар булактарга таянып, сауд арапстандык жетекчиликтин жогорку даражалуу бир өкүлү жакында эле тымызын Багдадда болуп кайтканын кабарлады. Аты аталбаган чабарман президент Саддам Хусейнге бийликти өткөрүп берип, из жашырып өлкөдөн кетип калганга кеңеш берди дешет. Ал эми немец гезиттери Россия менен АКШ биргелешип,Багдад проблемасы боюнча ушундай маанидеги “тынчтык демилге” даярдап жатканын белгилешип,жакынкы күндөрдө аны президент Путин угузат болуу керек деп болжолдошот. Көпчүлүк арап лидерлери болсо Саддамдын сүргүнү жөнүндөгү идеяны ачык-айрым эле талкуулап жатышат. Хусейнге жана анын үйбүлөсүнө “саясий бозгун” катары атайын статус берүү маселесин атүгүл Арап өлкөлөр лигасында талашып-таңашып көрүштү. Саддамды канатына калкалап алар өлкөлөрдүн тизмесинде Ливия менен Египет, алардан соң Куба менен Түндүк Корея, атүгүл Белоруссия аталып жатат. Бирок басымдуу көпчүлүк байкоочулар, алардын ичинде америкалык мурдагы дипломат, азыр орточыгыш региону боюнча адистешкен иликтөө борборунун директору Эдуард Уолкер да Саддамды калган өмүрүн качкын болуп өткөргөнгө көндүрүү демилгесин дээрлик ишке ашпас идея деп эсептешет.

Ирак проблемасын согушка жеткирбей чечүүнүн дагы бир жолу катары акыркы кездерде Багдаддын өзүндө аскерий төңкөрүш уюштуруу мүмкүндүгү активдүү талкууга түшө баштады. Кошмо Штаттары ирактагы аскерий төбөлдөр кийинкисин ойлошсо Саддамдын аргасын өздөрү табышсын дегенчелик мааниде бир нече курдай кулак кагыш кылган эле. Бирок вашингтондук экинчи бир эксперт Патрик Клаусон аскерий төңкөрүш Багдаддагы режимдин шартында биресе кыйын маселе, бу аз келсе анын арты демократиялык натыйжаларга алып келбейт деген пикирде. Саддам өзүнүн жеке сакчылары-республикалык гвардиянын күчтөрүнөн башка эч кандай куралдуу топторду Багдадга эки жүз чакырым жуук жерде кармаган эмес. Бирок америкалык интервенциядан коргонгусу келип,катардагы солдаттарды курал-жарак,ок-дүрмөт менен арбын жабдый баштаса, анда ал өзүнө ор казып алышы ажеп эмес. Мындай учурда, Клаусондун болжолунда, карапайым аскерлер эмне үчүн куралдуу адабат чыгарганга болбосун деген ойго кетиши ыктымал.

Ирак диктаторун жакшы билгендер болсо булардын баарын болбогон кеп дешет.Мурда Саддамдын жардамчысы болуп иштеп, кийин өлкөдөн качып чыккан Сабах Салман, мисалы, Хусейн өз эрки менен эгерим бийликти бербейт, душмандын же кутумдардын колуна түшүп бергенден көрө атынып өлөт деп ишенет. Саддамдын экинчи бир эски ашыналары андан да жаман апаздарды айтышат. Кокус ал күнү бүтүп калганына көзү жетсе, өзүнөн соң эч кимге, өзгөчө америкалыктарга эчтеме калтырбай, региондогу бүткүл мунай кампаларын жардырып салгандан кайра тартпайт дешет. Ушундан уламбы, айтор, жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун абройлуу эксперттик тобу Иракка каршы согуш башталса, анын арты бүткүл регионду гуманитардык алааматка саларын эскертишти.