ООГАНСТАН: КУРАЛСЫЗДАНУУ ОҢОЙГО ТУРБАЙТ

Улан Эшматов Ооганстанда БУУнун мурдагы согушкерлерди куралсыздандырууга багытталган программасы ишке киргизилүү алдында турат. Бирок, жыйырма жылдан ашуун уланган согуштан кийин ооган моджахеддеринин көпчүлгү колундагы куралын оңой эле таштоого макул эмес. Өз келечегинен тынчызданышкан можахеддер өкмөт ишенимдүү убада бермейинче куралсызданбай турганын айтышууда.
Улуттар Уюмунун Ооганстан үчүн ишке киргизилип жаткан бул программасынын наркы 130 миллион долларга эсептелип, өлкөдөгү 100 миңдей можахедди куралсыздандырып, жай турмушка тартуу максатын көздөйт. Каражаттын басымдуу бөлүгүн Жапония, Канада, Британия берүүдө жана алгачкы жылы анын 30 миллион долларын сарптоо белгиленген. Жергиликтүү эксперттер программа баштала турган аймак катары мурда талибдерге каршы күрөшкөн Түндүк альянстын аскерий базасы болгон, азыр оң миңдеген куралчан адамдардын үйүнө айланган Паруан провинциясын аташууда. Азыр Паруанды байырлаган оң миңдеген можахеддердин жалгыз билгени – согуш. Дээрлик көпчүлүгүнүн билими же кесиби жок. Андыктан бул адамдар оңой эле куралсыздана койбойт.Маселен, Абдул Хабиб атуу мурдагы моджахед биздин радионун кабарчысына берген маегинде өкмөттүн жөлөкпул төлөө, иш табууга жардамдашуу жөнүндөгү убадаларына карабай куралын өткөрбөй турганын, соңку бир жарым жылдан бери өкмөт куру убадалар менен курсак тойгузуп келгенин айтат:

- Биз акыркы эки жыл үчүн эмгек акыбызды алгыбыз келет. 23 жылга созулган граждандык согуштун учурунда бизде окууга мүмкүнчүлүк болбоду. Курал менен согуштан башка эч нерсени билбейбиз. Биз куралыбызды өткөрүп бергенден соң эмне болоорубузду билгибиз келет. Биз эмне болоорубузду ачык-айкын билгенге чейин куралыбызды өткөрбөйбүз.

Атын атоодон баш тарткан дагы бир можахед Ооганстандын жаңы өкмөтүнө ишеним келгенин , бирок эми үмүтү өчө баштаганына токтолду:

- Мен можахеддердин биримин.Эл аралык коомчулукка жана биздин өкмөткө кайрылып, эмгек акыбыз берилсе өкмөттүн план–программаларын кабылдоого дилгир экенибизди айтмакчымын. Командирлерибиз бизди 23 жыл бою өлкө үчүн согуштуруп келди. Биз азыр куралды өткөрүп эле башка жакка басып кетпейбиз. Биз келечегибиз аныкталышына муктажбыз.

Мунун аралыгында Паруан провинциясында куралсыздануу жараянына даярдык көрүү үчүн курал-жаракты тизмелөө башталды. Каражат өлкөнүн коргоо министрлигинде катталган аскердик бирикмелерге гана берилет. БУУнун Кабулдагы кеңсесинин өкүлү Мануел да Алмейда Силванын айтымында, каттоодон өткөн аскерий бирикмелердин мүчөлөрү Ооганстандын жаңы уюшулуп жаткан улуттук армиясынын курамына кирүүгө же башка ишти тандап алууга укуктуу:

- Эгер алар граждандык турмушка кайтууну каалашса маектешүүдөн өтүп, жөндөмү, муктаждыгы такталат. Армияга киргендер үчүн берилгендей эле алар да бир ирээт төлөнүүчү жөлөкпул жана азык-түлүк жардамын алышып, үйүнө кайтышат. Бул мезгилдин аралыгында өкмөттүн программасы аларга маектешүү учурунда билинген жөндөмүнө ылайык иш же кеситик даярдыктан өтүү,билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылат.

Ал эми паруандык колбашчы Абдул Рахмондун айтымында, анын аскерлери бир жарым жылдан бери айлыксыз жүрүүдө жана алардын чыдамы түгөнүшү мүмкүн. Өкмөт талаптагыдай чара көрбөсө кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши да ыктымал:

- Биз Улуттар Уюму жана Коргоо министрлиги алардын ушул убакыттагы эмгек акысын төлөп берип, иш табууга көмөктөшүүнү сунуштап жатабыз. Башкача болсо аскерлер көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн. Бул куралдуу адамдар өлкөнү дестабилдештирүүгө жөндөмдүү. "ал-Каида” Ооганстанда али деле бар жана кырдаалды өз кызыкчылыгында пайдаланышы ыктымал. Мен бул коркунучтуу кесепеттерге алып барат деп жоромолдой алам.

Айтор, БУУ куралсыздануу программасын ушул айдын башында эле ишке киргизмек. Бирок коргоо министрлигинде кадрдык реформа жүргүзүү талабы менен токтотуп койгон. Ооган коргоо министри Мохаммед Касим Фахим маанилүү кызматтардын баарын Панчшир өрөөнүнөн чыккан тажик улуттундагы жердештерине берип койгону үчүн сындалган эле. БУУнун пикиринде, мындай шартта министрлик улуттук институт болбой эле бир топтун мекемесине айланып калмак. Учурда коргоо министрлигинде кадрдык реформа жүрүп жатканын БУУнун кеңсесинен да, ооган өкмөтүнөн да ырасташты.