ИШЕНБАЙ КАДЫРБЕКОВ: «ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮШҮНӨ БИЙЛИКТЕГИ КОРРУПЦИЯ ТОСКООЛ БОЛУУДА»

«Азыркы бийлик жүргүзүп жаткан саясаттын эң чоң кемчилиги – четтен көп карыз алып, ал акчалардын желип-ичилип кеткенинде». Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков «Азаттык» радиосуна куруп берген маегинде реформалардын жемиш бербей, өлкөнүн өнүп-өспөй жатканынын себебин ушундай баалады. Маекте Шайлоо кодексинин жаңы долбоору, оппозициянын биримдиги сыяктуу маселелер да козголгон.
- Ишенбай мырза, Сиз баштаган депутаттар тобу Шайлоо кодексине өзгөртүү-толуктоолорду киргизүүнүн үстүндө иштеп келатасыздар. Ошол эле маалда бийлик тарабынан да жаңы Шайлоо кодекси даярдалганы белгилүү. Эки долбоордун ортосунда кандай айырма, пикир келишпестиктер бар?

- Жогорку Кеңеште «эки долбоорду бириктирип, бир долбоор иштеп чыккыла» деген чечим кабыл алынган. Ошондон кийин Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирге иштедик. Сентябрдын этегинде палатанын сынына коебуз. Чоң өзгөртүүлөр кирди. Буга чейин эл депутатты тандап, өз добушун бергенине карабай, сот шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган учурлар көп болду. Конституция өзгөргөндөн кийин Шайлоо кодексин жаңылоо керек да болуп калды. Бирок бийлик даярдаган жаңы Шайлоо кодекси менен биздин долбоордун ортосунда принципиалдуу төрт-беш маселеде айырма болуп калды. Алардын эң орчундуусу – талапкердин декларация толтуруш же толтурбашында. Тилекке каршы, буга чейинки шайлоолордо декларацияны шылтоо кылып жакпаган талапкерди шайлоодон четтеткен же шайланып калган депутатты мандатынан ажыраткан учурлар көп болду. Декларация бийликке жакпаган талапкерди шайлоодон четтетүүнүн ыңгайлуу куралына айланган. Ошондуктан «шайлоодо декларация толтуруу эрежесин токтотолу» деген сунуш киргиздик. Бирок бийлик буга макул болбой жатат. Экинчи бир маселе – аскерде кызмат кылган жигиттердин шайлоого катышуусуна байланыштуу маселе. Ошентип, Шайлоо кодексинин буга окшогон айрым талаштуу жерлери бар. Бирок, негизинен долбоор депутаттардын сынына даяр.

- Соңку учурда «оппозициянын ичинде ынтымак кетти, ырк кетти, аны Аксыда өткөн курултай көрсөттү» деген пикирлер көп айтылууда. Дегеле оппозициянын азыркы абалына кандай баа бересиз? Чындыгында эле оппозиция алсырап турабы?

- Мындай пикирге мен кошула албайм. Себеби, жерди Кытайга берип жатканда мурда бири-бири менен пикири келишпей жүргөн күчтөр биригип, оппозиция болгон. Аксыда бийлик өз элине ок атканда да бул маселеге каршы пикирин айткандар оппозиция экенине же оппозиция эместигине карабай, бул маселеде чогуу турушкан. Анын үстүнө мындай маселеде бириге калгандар «биз дайыма бирге бололу» деп да ант беришкен эмес. Мисалы, «Арнамыс» партиясы иделогиялык маселелерде кантип Кыргызстан коммунисттер партиясы менен бирге боло алат? Ошого карабай, шайлоо болсо ошол эле коммунисттер, «Арнамыс», «Атамекен» партиялары биригет деген ойдомун.

- Ишенбай мырза, өлкөдөгү азыркы социалдык-экономикалык саясатта кандай кемчиликтер бар? Эмнеден аксап жатабыз?

- Эң чоң кемчилик башынан кеткен: чет өлкөдөн карыз алып, карызсыз жашай албай калдык. Баңги баңгизатсыз жашай албаган сыяктуу эле Кыргызстан да тыштан карыз алмайынча жашай албай калды. Карыз берген Дүйнөлүк Банк, Эл аралык Валюта Фонду сыяктуу уюмдар өз саясатын жүргүзүп жатышат. Биздин бийлик кааласа да, каалабаса да алардын айтканын аткарууга милдеткер. 1,8 млрд. доллар карыз алып, чет өлкөлүктөргө мойнубуздан кылтакка илинип, эки жакка жыла албай калдык. Экинчи каталык – өкмөттүн тез-тез алмашуусунан жакшы кадрлар иштебей калды. Бийликке, министрликке кокусунан келген адамдар көбөйдү. Кадр маселесиндеги мындай кемчиликтердин айынан президент да, өкмөт башчысы да катуу аксап жатат.

- Тыштан алынган карыздар туура пайдаланылбай келатканы айтылып келатат. Ага айкын мисал катары «Аккеме-Пынар» мейманканасынын курулушуна Түркиядан алынган карызды пайдалануу боюнча парламент токтом кабыл алды эле. Ал токтом аткарылдыбы?

- Сиз чоң маселени көтөрдүңүз. Кадр саясаты туура эмес жүргүзүлгөндүктөн, анын арты коррупция менен аяктап жатат. «Аккеме-Пынар» мейманканасын куруш үчүн Түркиянын «Эксимбанкынан» 8,7 млн. доллар карыз алышкан. Бирок ал акчанын 1,2 млн. доллары гана Кыргызстанга келген. Калганы Түркияда калган. Ал акча кайда – аны эч ким билбейт. Мейманкананы болсо Кыргызстан өз акчасына, акционерлердин каражатына курду. Ал эми Түркиядан алынган, бирок Кыргызстанга келбеген 8,7 млн. доллар карызды кайтаруу керек болуп, натыйжада, анын үстөгү 12 млн. долларга чейин өсүп кетип, Кыргызстан өз акчасын курган мейманкананы түрк туугандарга бергенге аргасыз болду. Бирок Түркия карызды кечкен жок, төлөө мөөнөтүн кийинкиге гана жылдырды. Ошентип, чиновниктердин коррупцияга аралашканынан бир эле «Аккеме-Пынар» мейманканасынан Кыргызстан орто эсеп менен 30 млн. долларга жакын чыгым тартты. Мындай долбоорлордун дагы бири – «Кумтөр». Бул долбоор боюнча Кыргызстан уят болду. «Долбоордун 70% биздин колубузда» делгени менен, тапкан пайдабыз арзыбаган тыйын болуп чыкты. Айтор, Кыргызстан Кумтөргө окшогон алтыны, Ысыккөлгө окшогон керемет жайы, Нарын дайрасындагы электр станциялары, далай кен байлыктары туруп, жарды жашаганы туура эмес. Дүйнө жүзүндө Кыргызстандай жер жок. 5 млн. элге мынча байлыгыбыз туруп, шериктеш мамлекеттер арасында бардар жашашыбыз керек эле. Болгону, бийликтин иштин көзүн билбегенинин аркасында ушундай начар жашап келатабыз.