ЛАТВИЯ ЕВРОШАРКЕТКЕ КИРЕТ

Баян Жумакадыр кызы, Прага 20 сентябрда латвиялыктар өлкөнүн Еврошериктештикке кирүүсү боюнча добуш берип жатышат. Эгерде өлкөнүн шайлоого катышкан жарандарынын теңинен көбү “макул” добуш беришсе, Латвия келерки жылы жазында Еврошериктикке кирет. Референдумга шайлоочулардын кеминде 85 проценти катышаары күтүлөт.
Өлкөнүн шайлоо участкалары эртең мененки саат 7де ачылып, кечки саат 10 го чейин ачык болот. Жумурияттын 2 миллион 300 миң кишидей калкынын 1 миллион 300 миңдейи - шайлоочулар. Акыркы сурамжылоо референдумга шайлоочулардын 85 процентинен ашыгы катыша тургандыгын жана шайлоочулардын кеминде 53 проценти өлкөнүн Еврошаркетке кирүүсүнө макул боло турганын көрсөттү.

20- сентябрда эртең менен Ригадагы шайлоо участкасында добуш берген президент Вайра Вике-Фрайберга Латвиянын Европага кирүүсүн колдогонун айтып, мекендештерин Латвиянын Европада болуусу үчүн добуш берүүгө үндөдү. "Мен кудайчы аял болгон күндө да, Европага кирүүбүз үчүн добуш бермекмин!" – деди президент.

Бирок Латвиянын Еврошаркетке кирүүсүн латыштардын баары эле колдой бербейт. Алардын айрымдары жаңы эле советтик тоталитардык режимдин оторчулугунан бошонуп, эгемендик алган өлкө суверендүүлүгүн колдон чыгарып жиберет деп чочулашат. Ал эми калктын бир бөлүгү өтө алыс турган Брюссел Орусиянын дал ыптасынан орун алган кичинекей Латвиянын кызыкчылыктарын "ойдогудай коргоп бере албайт" деп чочулашат. Өзүн полицияга деп тааныштырган Андрис деген киши “Ройтердин” кабарчысына: "Мен каршы добуш бердим. Антпесек биз көз караандысыздыгыбызды жоготуп койобуз", - деп айткан.

Калктын дагы бир бөлүгү болсо Латвиянын Еврошаркетке кирүүсүнөн республиканын экономикалык жана саясий элитасы гана пайда көрөт деп эсептейт. Европага каршы добуш берүү менен карапайым калк Латвиянын экономикалык өсүшүнөн анчейин пайда көрө албаганына наразылык билдирүүсү ыктымал. 2002-жылы Латвияда улуттук дүң өндүрүштүн өсүшү 6,1 процентти түзгөн.

Ошону менен бирге референдумдун жыйынтыгына өлкөнүн улуттук курамынын бир беткей эместиги да терс таасир этүүсү ажеп эмес. Өлкөнүн калкынын үчтөн бирин этник орустар түзүшөт. Андан сырткары Латвияда беларустар, украиндер, литвалар, эстондор менен поляктар жашайт.

Орустар Латвияга советтик убакта эле көчүп келип, отурукташып калышкан. Аналитиктердин болжолунда, орустар жумурияттын Европага кирүүсү менен "тарыхый ата мекенибизден алыстап, обочодо калабызбы" деп кооптонушат. Анткени Орусияга каттоо үчүн алар анда виза алганга мажбур болушат.

Бирок ошону менен бирге, Латвиянын жарандыгына ээ эмес орустардын көбү референдумга катыштырылбаарын айта кетүү керек. Акыркы сурамжылоо Еврошаркетке каршы чыга турган шайлоочулардын саны кеминде 25 процентке бара турганын көрсөттү.

Кооптонуп, же ыргылжың болуп турган жарандардын көңүлүн жубатууга аракеттенген премъер-министр Ейнарс Репсе 19-сентябрда жасаган кайрылуусунда мындай деди:

- Элдер Советтер Союзунан Евросоюзга качып жатышат. Советтер Союзу тоталитардык режим гана болгон. Экөөнүн аты бир болгону менен заты бөлөк. Европа - элдердин чыныгы ыктыярдуу биримдиги!

Латвия Еврошаркетке кирүү референдумун өткөрүп жаткан 10 өлкөнүн акыркысы. Шаркетке кирүү сүйлөшүүлөрүн жумурият 1999-жылы баштап, андан бери өлкөнүн финансы мекемелерин Батыштын стандарттарына төп келтирүү реформаларын жүргүзүп келатат. Өлкө киши башына эсептелген киреше боюнча Еврошаркетке кирүү келишимине кол койгон өлкөлөрдүн эң соңунда турат. Бирок кирүү сүйлөшүүлөрү жүргүзүлүп жаткан 1999-2002 жылдардын аралыгында Латвиянын өндүрүштүк өсүшү Еврошаркетке талаптанган өлкөлөрдүн эң жогоркусу болгон.