ЧЕЧЕНСТАН КАЛКЫ ӨЗ ПРЕЗИДЕНТИН ТАНДАДЫ, БИРОК АЛ КИМ – АЗЫРЫНЧА БЕЛГИСИЗ

Төрөкул Дооров, Москва Буга чейин маалымдалгандай, кечээ, 5-октябрь күнү Чеченстанда президенттик шайлоо өттү. Бул жолку шайлоо чечен эли үстүбүздөгү жылы кабыл алган жаңы Конституциянын негизинде өткөрүлүп жаткан биринчи президенттик шайлоо.
«Чеченстандагы президенттик шайлоо өттү деп айтууга толук негиз бар», - деп Чеченстан республикасынын шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдул Керим-Арсаханов шайлоо өтүп жаткан күнү чак түштө эле ишенимдүү айткан кеби бар. Абдул Керим-Арсахановдун билдиришинче:

- Шайлоочулардын 81% ашууну, же 462822 адам өздөрү каалаган талапкерге добуштарын беришти. Мындан ары эч кандай өзгөрүүлөр шайлоо жыйынтыгына өз таасирин тийгизбейт. Баары ойдогудай өттү.

Демек, шайлоо өттү деп айтууга болот. Бирок кимдин пайдасына, азырынча белгисиз. Анын алдын ала жыйынтыктары бүгүн, 6-октябрда белгилүү болот.

Анткен менен, көптөгөн баяндамачылардын ойлорунда, Чеченстан президенти болуп бир гана адам тандала алат. Бул – Чечен администрациясынын башчысы Ахмад Кадыров. Бирок, азырынча мындай жоромол да тактала элек.

Шайлоо, Чеченстандын Коопсуздук Кеңешинин төрагасы Рудник Дудаевдин маалыматына ылайык, тынч өттү.

Анын жүрүшүнө көз салышкан Ислам Конференциясы уюмунун, КМШнын аткаруу комитетинин жана башка эл-аралык уюмдардын байкоочулары да, добуш берүү учурунда мыйзам бузуучулукка күбө болушпагандыгын айтышууда.

Россиядагы Ислам укук коргоо борборунун төрагасы Исмагил Шангареев бул шайлоого байкоочулук жүргүздү. Анын айтымында, адамдар шайлоого «майрамга катышкандай» келишти:

- Мен байкоочу катарында шайлоо жүрүшүндө эч кандай олуттуу катачылыктар болгон жок деп айта алам.

Шайлоонун акыркы жыйынтыктары, республикалык шайлоо комиссиясынын маалыматында, келерки жуманын шаршемби күнүндө расмий түрдө жарыя кылынат.