АРМЯН ЭЛИНИН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК УЮМУ ТҮЗҮЛДҮ

Төрөкул Дооров, Москва 6-октябрь күнү Москвада Бүткүл дүйнөлүк армяндар уюмунун биринчи курултайы өттү. Иш-чарага Армения менен мамлекет башчылары, дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүндөгү армян диаспораларынан келишкен өкүлдөр жана бир катар белгилүү саясатчылар катышты.
Армения жана Россиянын улуттук гимндери менен башталган Бүткүл дүйнөлүк армяндар уюмунун биринчи курултайы дүйнөнүн ар кайсыл бурчтарынан агылып келишкен армяндардын эле эмес, президент Владимир Путин баш болгон орусиялык ырасмий өкүлдөрдүн да катышуусунда өттү. Бул мааракенин Москвада өтүп жатышына да себептер арбын: биринчиден, армян калкынын эн чоң жана эски диаспорасы Россияда орун алган, экинчиден, армяндардын дүйнөлүк уюмун түзүү сунушу армяндардын Россиядагы кеңеши тарабынан көтөрүлүп чыккан.

Армения президенти Роберт Кочарян өз сөзүндө Россия менен жакшы өнүгүп келаткан ар тараптуу кызматташтыкка басым жасап, армян эли өзүнүн күчтүү улуттук идеясы жана улуттук диаспораларынын жардамы менен гана өнүгө ала тургандыгын айтты:

- Армения жаратылыш ресурстарына жарды мамлекет жана татаал региондо орун алган. Эмгекчил, билимдүү элибиз – биздин башкы байлык. Ушул сапаттар толугу менен жумшалып, иштесе гана биз ийгиликке жетишебиз.

Өз кезегинде, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Россия көптөгөн армяндар үчүн «өз мекениндей эле» болуп калгандыгын, армян диаспорасынын тарыхый мекенине жана Россияга кошуп жаткан салымы дагы да өсө бере тургандыгына ишенээрин билдирди.

- Бүгүн биз биргеликте Кавказ регионун туруктуу жана экономикалык кызматташтыктын аймагы катарында өнүктүрүү үчүн аракеттенишибиз керек. Россия мындан ары да Кавказ регионундагы чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүдө өзүнүн кызматташтары менен чогуу аракет тенүүсүн уланта берет.

Россиядагы армяндар кеңешинин төрагасы Ара Абрамяндын айтымында, «жаңы түзүлгөн Армяндардын дүйнөлүк уюму алардын башын бириктип, улуттук маданиятты, үрп-адатты жана тилди сактап эле калбастан, ошол эле учурда саясий да, экономикалык да маанилүү иштерди аткармакчы».

Үч ай мурун Нью-Йоркто Россияда жана АКШда жашаган армен диаспораларынын жыйынында Ара Абрамян түзүлө элек уюмдун алдына койгон максаттарынын бири – эл-аралык коомчулукту Түркия тарабынан армяндарга каршы геноцид саясаты колдонулгандыгын, же калкты жок кылууга аракет көрүлгөндүгүн ынандыруу деп айткан эле. Уюмдун астында геноцидди жана Карабах проблемасын талкуулап, жөнгө салуу үстүндө иштей турган эл-аралык борбор ачылышы айтылган.

Андан калса, Дүйнөлүк армяндар уюму ар кайсыл өлкөлөрдөгү армян калкынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн иштейт. Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө 7млн. жакын армян жашайт деген жалпы маалымат бар. Алардын үчтөн бири гана өз мекени Арменияда жашайт. Алардын армяндардын өзгөчө АКШ менен Россиядагы диаспоралары өзгөчө күчтүү жана таасирлуу.

Россияда армян калкы, президент Путиндин сөзү менен айтканда, орус атуулдарындай эле жашайт. «Армяндарга болгон мындай урмат жана сылык мамиле үч кылымдан бери жасалып келатат», - дейт Путин.

- Улуу падыша Петр биринчи өзүнүн жарлыктарынын биринде минтип жазган экен: «Армяндарды эркелетип, алардын орус жерине келүүсүнө шарт түзүү керек». Андан бери эч канча деле көп убакыт өткөн жок, болгону 300жыл. Буйрук чыгарылды – аткарылды. Россия президентинин бул сөзү дүркүрөтө кол чабуулар менен коштолду.

«Жаңы түзүлгөн уюмдун казынасы 100 миң долларды түзмөкчү. Бул каражат армян диаспораларынын ар бир мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерин чечүүгө, жаңы бизнес-долбоорлорун ишке ашырууга жумшалат», - дешет уюштуруучулар.