КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КАЗАКСТАНДЫН МАМИЛЕСИ

Кыргызстан үчүн Борбор Азия аймагындагы мамлекеттер ичинен Өзбекстан менен Казакстан өзгөчө мааниге ээ. Бул эки мамлекеттин ичинен Бишкек Астана менен жеңилирээк тил табышып келатат. Декабрь айында кол коюлары күтүлүп жаткан эки тараптуу биримдик жана автомобилдик каттамдар тууралуу келишимдер ага далил.
Эл аралык талдоочулардын пикиринде, Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара кызматташууну жолго коё албагандыгы аймактын экономикалык жактан өнүгүшүнө чоң кедергисин тийгизүүдө. Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаевдин сөзү боюнча, республика азыркы кезде аймакта сакталып турган оңтойсуз шарттын айынан 40% ашуун экспорттук мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатат. Фридрих Эберт фондунун Борбор Азия боюнча координатору Крумм Райнхаард аймактагы кырдаал тууралуу мындай ой жүгүртөт:

- Эмне үчүн бир аймактагы беш мамлекет бирге иштей албайт? Ага ар кандай себептер бар. Ал белгилүү. Казакстан Орусияга ыктап баратса, Түркмөнстан өзүнчө баратат. Борбор Азия мамлеттеринин биригүүсү азыр көктөгү кыялга окшош. Бирок ал ишке ашса аймакта жашаган элдерге жакшы болмок, - -дейт Крум Райнхаард.

Кыргызстандын коңшулары менен мамилесине көз чаптырганда Казакстан менен мамилесинин дурустугу байкалып турат. Бишкек менен Астана эң татаал деп эсептелген чек араларды делимитациялоону аяктап, ал боюнча келишимге кол койгон. Казак парламенти ал келишимди ратификациялаган. Бирок кыргыз парламенти ал документти карай элек. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин КМШ мамлекеттери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкуловдун айтымында, парламент жакын арада аны ратификацияламакчы.

Кыргыз президенти Аскар Акаевдин 20-декабрда Казакстанга жасалчу ырасмий сапары учурунда кол коюла турган эки өлкөнүн биримдиги тууралуу келишим коңшулардын мамилесин ого бетер жакындаштырат деген ишеним бар. «Азыр Кыргызстан менен Казакстандын мамилесин АКШ менен Англиянын өзгөчө мамилесиндей деп шарттуу түрдө салыштырууга болот», дейт Мамкулов.
Кыргыз президентинин сапары учурунда эл аралык автомобилдик каттам тууралуу келишимге да кол коюлушу мүмкүн. Ага ылайык Казакстан аркылуу өтүүчү кыргыз автоунааларына жыйымдардын акысы төмөндөмөкчү.

«Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаков транзиттик каттамдарга жыйымдардын акысын төмөндөтүү иш-аракеттери кубаттоого татыйт дейт:

- Алар биздин жүктү өздөрүнүн ички тарифи менен өткөрө турган болсо, муну бир кадам алга жылуу деп айтса болот, - дейт Абдуразаков. Биримдик келишими тууралуу оюн Абдуразаков мындай улады:

- Биринчиден, ал эмне деген биримдик мамиле экендиги белгисиз. Эгерде ал орус-белорус сымалындай болсо, анын мааниси башка. Жөн эле декларация кылып, мамиле түзүү деген туура эмес. Эгерде чын эле биримдик болсо, анда бажы жана башка тоскоолдуктарын алып салыш керек. Бирок союз дегендин башка мааниси да бар. Ага жараша бир жакка каршы болуп, бир нерсеге туруштук бериш керек, же каршылык көрсөтүш керек. Эгерде бирөөгө каршы болсо, мисалы, өзбектер дароо шектене баштайт. Эгерде башка коңшуларды шектентпей, аларды өзүбүзгө каршы багыттабай турган маанидеги биримдик болсо, аны кубатташ керек, - дейт Ишенбай Абдуразаков.

Кыргыз-өзбек мамилесине токтолгон Эркин Мамкулов Бишкек менен Ташкендин ортосунда 1996-жылы «Түбөлүк достук» жөнүндө келишимге кол коюлганын белгиледи. «Бирок, аны ишке ашырууга ириде чек арадагы жагымсыз окуялар тоскоол болуп жатат», дейт Мамкулов.