ЛИТВА: ПРЕЗИДЕНТКЕ ИМПИЧМЕНТ ЖАРЫЯЛАНЫШЫ МҮМКҮН

Литванын парламентинде президент Роландас Паксаска каршы импичмент ишин козгоо маселеси талкууланып жатат. Парламенттин комиссиясы президентке коюлган айыптарды иликтеп чыгып, Паскастын россиялык кылмыштуу топтор менен байланышы бар экенин тастыктады. Импичмент процессин баштоо үчүн парламенттин 141 мүчөсүнөн 36 депутаттын колдоосу талап кылынат. Үч фракция кол топтоого киришти. Паксас айыптардын баарын четке кагып, кызматтан кетпей тургандыгын кайрадан ырастады.
Бул жаңжал Литвада октябрдын этегинде тутанды. Мамлекеттик коопсуздук департаменти сеймдин спикерине жана депутаттарына атайын кат жолдоп, президент Паксас жана анын жакын кеңешчилери чет элдик кылмыштуу топтордун таасирине тартылып кеткендигин кабарлашкан. Документ жабык мүнөздө болгондугуна карабастан аны эртеси “Республика” гезити жарыялап жиберди. Парламент атайын комиссия түзүп, докладда келтирилген фактыларды иликтеп чыкты. Текшерүүнүн натыйжасында комиссия президентке коюлган айыптар жалпысынан негиздүү деген бүтүмгө келди. Шейшемби күнү парламенттин жыйынында комиссия башчысы Алиозас Сакалас доклад жасап, иликтөөнүн жыйынтыктары менен депутаттарды тааныштырды.

Өлкөнүн премьер-министри Алгидас Бразаускас прездент Паксасты импичмент иши башталарын күтпөстөн кызматтан кеткенге чакырды. Премьер мамлекет башчысын отставкага кетирүү үчүн парламенттеги 141 депутаттын 86 добушу керек болорун эске салып, мынча киши оңой эле табылат деп эскертти. Бразаукастын көз карашында, импичмент процесси мамлекеттин беделине шек келтирет, ошондуктан президент өз ыктыяры менен бийликтен кетсе, эң дурус болор эле. Литвада мамлекеттик эч кандай кризис жок, болгону президенттин гана кризиси бар, деп айтты Бразаукас улуттук радиодон сүйлөгөн сөзүндө.

Парламенттик комиссиянын корутунду документинде айтылгандай, Паксастын жакын кеңешчилери россиялык эки компаниянын таасиринде калган жана көп чечимдерди кабыл аларда ошолор таңуулаган сунуштар эске алынууда.Алардын бири – орус бизнесмени Юрий Борисов учурунда Паксастын шайлоо өнөктүгүн каржылоого катышып, 350 миң евро суммасында акча кошкон. Кийин ал Литванын жарандыгын алган. Борисов болсо терроризмди колдогон өлкөлөргө, анын ичинде Суданга аткезчилик жолдор менен курал-жарак жөнөтүп келген. Мындан тышкары президент Паксастын оппоненттери анын жакын кишилери россиялык атайын кызматтар менен да жең ичинен байланыш түзгөн деп эсептешет. Мамлекет башчысынын кеңсесинен жашыруун маанидеги маалыматтардын тышка чыгып кеткенин да алар ушуну менен түшүндүрүшөт.

Президент Паксас өзү коюлган күнөөлөрдүн баарын кайбат деп эсептейт. “Мен мыйзамды же конституцияны, болбосо берген антымды бузганым жок, эл алдында абийирим таза, ошондуктан отставкага кеткенге эч кандай ниетим жок”, - деп билдирди Паксас.

Роландас Паксас быйыл жыл башында эле президент болуп шайланган. Аны бийликтен кетирүү үчүн парламенттеги үч фракция импичмент ишин баштаганы жатат. Бирок бул процесстин механизми бир кыйла татаал, кокус ал башталган күндө да эки-үч айда барып аякташы мүмкүн.