ПАРЛАМЕНТ «ӨКМӨТ ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН ТАЛКУУЛАЙ БАШТАДЫ

Бакыт Аманбаев, Бишкек 1-мартта Мыйзам чыгаруу жыйыны «Өкмөт жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулай баштады. Өкмөттүн түзүмү тууралуу төртүнчү берене кызуу талаш-тартышты жаратты. Көпчүлүк депутаттар өкмөттүн түзүмүнө министрликтер, комитеттер, комиссиялар, фонддор жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды киргизүүнү сунушташты. Ал эми аткаруу бийлигинин айрым өкүлдөрү жана айрым депутаттар ага каршы болушту
Депутаттар бул күнү мыйзамдын төрт беренесин кабыл алышты. Кызуу талаш-тартышты өкмөттүн түзүмү тууралуу төртүнчү берене жаратты. Көпчүлүк депутаттар "өкмөттүн түзүмү премьер-министрдин сунушу менен мамлекет башчы тарабынан аныкталат жана Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет. Ал эми өкмөттүн түзүмүнө министрликтер, комитеттер, комиссиялар, фонддор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын киришин сунушташты. Маселен Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболов соңку жылдарда борборсуздаштыруу бир катар кемчиликтер менен жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, «учурда өлкөдө түзүлгөн социалдык-экономикалык киризистен чыгуу үчүн өкмөткө жетишээрлик ыйгарым укук бериш керек» деген пикирин ортого салды:

- Биз ушундай кризисти башынан өткөрүп жаткан биринчи же акыркы өлкө эмеспиз. Бизге чейин тарыхта ушундай кризистик абалга көп өлкөлөр дуушар болгон. Алардын ичинен бир дагы өлкө кризистен Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткандай борборсуздаштыруу жолу менен чыккан эмес. Комитет аткаруу бийлигинин тике түзүмүн так аныктоону сунуштап, мына ушундай кризистен чыгуунун эң жакшы жолун сунуш кылууда. Менин оюмча, буга чейин экономиканы көзөмөлсүз либералдаштыруу жана негизсиз, обу жок борборсуздаштыруу мына ушундай кризистик көрүнүштү жаратты. Ошондуктан комитет кризистен чыгуунун бирден бир жакшы жолун сунуш кылууда.

Ушундай эле пикирди Акылбек Жапаров, Абсамат Масалиев, Исмаил Исаков, Ташболот Балтабаев жана башка депутаттар айтышты. Ал эми Ишенбай Кадырбеков аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн жогорулатуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик админстрацияларды өкмөттүн курамына киргизүү керек деген оюн ортого салды:

- Бирдеме болсо эле өкмөттү кызматтан кетиребиз. Соңку жылдарда өкмөт толук курамы менен бир нече жолу таратылды. Чынына келгенде өкмөттүн иши жергиликтүү аткаруу бийлигинин ишине да көз каранды экендигин эске алган эч ким жок.

Жогоруда айтылган пикирге айрым депутаттар «мындай жобо өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келет» деп макул болушкан жок. Чындыгында Конституциянын 46-беренесинин бешинчи пунктунда «жергиликтүү мамлекеттик админстрация башчылары жергиликтүү кеңештердин макулдугу менен мамлекет башчысы тарабынан дайындалат» деп жазылган. Депутат Азимбек Бекназаровдун пикиринде, жергиликтүү мамлекеттик админстрацияларды өкмөттүн курамына киргизиш үчүн адегенде Конституцияны өзгөртүү керек:

- Конституцияда жогорудагыдай жазылып тургандан кийин биз мыйзам менен башкача жобо кабыл алсак иштебейт. Чынында, бүгүнкү күнү 46- беренеде көрсөтүлгөндөн башка да аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик он алты орган президентке баш ийет. Ошол эле мезгилде ал жасаган иши үчүн жоопкерчилик тартпайт. Ал эми өкмөт башчыга он төрт эле мамлекеттик орган баш ийет. Ошон үчүн бизде коррупция, башаламандык орун алууда.

Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды өкмөттүн курамына киргизүүгө Зайнидин Курманов, Иса Токоев, Махмуд Күчүков, Айдар Керимкулов каршы болушту. Маселен, Иса Токоев мындайча өз оюн ортого салды:

- Биз жакында эле өкмөттүн түзүмү кандай болоорун бекиткенбиз. Ага карабай эле кайрадан өзүбүзгө өзүбүз каршы чыгып, өкмөттүн курамына жергиликтүү админстрацияларды киргизүүнү айтып жатабыз. Менин оюмча, жергиликтүү мамлекеттик админстрациялар жергиликтүү кеңешке баш ийет жана алар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация тууралуу мыйзам менен көзөмөлдөнүшү керек.

Кызуу талкуудан соң көпчүлүк депутаттар өкмөттүн курамына администрациялык мекемелерди киргизип, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды киргизбөө тууралуу жобону колдошту. Талкуу 2-мартта улантыла турган болду.