НАТОнун БАШКАТЧЫСЫ ООГАН МАҢЗАТТАРЫ, УЮМДУН КЕҢЕЙИШИ, ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ ЖӨНҮНДӨ

Кубат Оторбаев, Прага НАТОнун башкатчысы Йаап де Хооп Схеффер “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна дүйшөмбүдө интервью берип, аскердик альянстын Ооганстан менен Жакынкы Чыгыштагы орду, Орусия менен мамилеси тууралуу айтып берди. Баткашчынын билдиргенине караганда, НАТО Ооганстанда өзүнүн таасирин мындан да күчөтүүгө тийиш.
НАТОнун башкатчысы Йаап де Хооп Схеффер “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген маегинде аскердик альянс Ооганстанда жеңишти гана көксөйт деген сөзүн дагы бир ирет кайталады.Анткени Хооп Схеффер быйыл 1-январда ишке киришип жатып Ооганстан НАТОнун артыкчылык берген биринчи максаты экенин айткан болчу. Өткөн жылдын жай айында НАТОнун 19 мүчөсү Бирикккен улуттар уюмунун мандаты астында 4500 аскерден турган антитеррордук күчтөрдү Ооганстанга киргизген болчу.

НАТО аскерлеринин Ооганстандагы узак мөөнөттөгү максаты бул өлкөдө туруктуулукту жана демократияны орнотуу экени белгилүү болгону менен, ага жетүүнүн жолдору оңойго турбай жатат. Бул баарыдан мурда НАТОнун күчтөрүн туура пайдаланууга жараша болоору белгилүү. “Азаттык” радиосунун кабарчысы Ахту Лобжакаска берген маегинде Йаап де Хооп Схеффер НАТОнун таасири Ооганстанда күчөшү керек, убактылуу жеңиштерге ыраазы болуу менен башкы максатка жетүүгө мүмкүн эмес деген пикирди айтты.

– Азыр Ооганстанда НАТОнун күчтөрү жаңы аймактарды өзүнүн таасирине баш ийдирүүгө аракет кылууда, - деди НАТОнун башкатчысы. - НАТОнун жоопкерчилигиндеги Провинциаларды реконструкциялоо бөлүктөрү Кабул менен Кундузда аракеттенип жатышат. НАТОнун максаты мындай бөлүктөрдү көбөйтүү болушу керек. НАТОнун иши жалпы өлкө болбосо да, эч кур дегенде НАТОнун күчтөрү жайгашкан жерлерде туруктуулукту жана бейпилдикти камсыз кылуу. Азырынча бул максат кабулда гана ишке ашты. Ошол себептен биз азыр өлкөнүн түндүгүнө провинцияларды реконструкциялоо бөлүктөрүн жиберип, ал жактарда туруктуулукту камсыз кылууну көздөп жатабыз.

Хооп Схеффердин тынчсызданып жатышынын жөнү бар. Анткени Бириккен улуттар уюму менен Евробиримдиктин өкүлдөрү өлкөдөгү маселелерди быйыл жайында өтө турган шайлоолор чече койбой турганын бир нече ирет эскертишкен болчу. Шайлоолор Ооганстандагы көйгөйлүү маселелердин бири гана. Жаңы өкмөт бийликке келип, өлкөгө террорго каршы эларалык күчтөрдүн киргизилгенине карабай, маңзаттарды өстүрүп, аны дүйнөгө таратуу боюнча Ооганстан дале болсо көч башында. Маңзаттардан түшкөн арам акчалардын көлөмү ички дүң продуктынын жарымына жакынын түзүүдө. НАТОнун башкатчысы маңзаттарды өндүрүп, сатуунун тамыры кыркылмайынча Ооганстанда коопсуздукту орнотуу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөт. Бирок Йаап де Хооп Схеффердин айтымында, ооган маңзаттарына каршы күрөшүү НАТОнун күчтөрүнүн милдетине кирбейт:

– Биз Ооганстанда болуп жаткан баардык эле окуяларга НАТО жоопкер эмес экенин жакшы түшүнүшүбүз керек. Бул жерде эч кандай амбиция жок. Маңзаттарга каршы күрөшүү НАТОнун күчтөрүнүн милдети эмес. Сиздер билесиздерби – Британия, Улуттар уюму жана баарыдан мурда президент Хамид карзай башында турган Ооган өкмөтү маңзаттарга каршы күрөшкө жоопкер болуп эсептелет. Ошондуктан милдеттерди чаташтырбасак.

Жакынкы чыгыштагы абалга токтолгон Йаап де Хооп Схеффер бул аймакты турукташтыруу боюнча көтөрүлгөн демилгени колдой турганын астейтил билдирди.

НАТОнун баш катчысы уюмдун Батышка кеңейиши боюнча да айрым пикирлерин айтты. Бул маселеде Орусия маанилүү оюнчу экенин эске алган Хооп Схеффер НАТОнун кеңейиши Орусиянын Молдова менен Грузиядагы базаларынын тагдырына жараша чечилээрин билдирди. Башкатчынын айтымында, НАТОнун күчтөрү Балтика жээгиндеги үч мамлекеттин асман мейкиндигин көзөмөлдөөгө ниет кылууда. Эксперттер бул кадамды – НАТОнун Литвада аскер базасын түзүү алдындагы алгачкы иштеринин бири катары баалашууда.