НАТО МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗМАТТАШУУСУ

Бул күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан НАТОнун саммитине кыргыз президенти Аскар Акаев жетектеген делегация катышууда. Орусия баш болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген Кыргызстан Түндүк атлантика уюму менен кандай кызматташуусу керек?
Кыргызстан НАТО уюму менен 1994-жылдан бери кызматташууда. Бул жылы эки тарап “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасына кол коюшкан. Ал кызматташуу тууралуу президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев буларды билдирди:

- "Тынчтык үчүн кызматташуу” программасынын алкагында бир катар иш-чараларды өткөрдүк. Биз аскерлерибизге тиешелүү окууларды, машыгууларды өткөрүп, техникалык жактан да жардам алдык. Ал эми билим берүү жаатында НАТО менен биргеликте түзүлгөн “Виртуалдык Жибек жолу” деген долбоордун алкагында 16 жогорку окуу жайыбыз интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Абдил Сегизбаевдин айтымында, президент Аскар Акаев 28-июнда Стамбулда Түркиянын президенти Ахмед Сезер, премьер-министри Таип Эрдоган менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашты. Ал эми 29-июнда НАТОнун саммитине катышты.

Кыргызстан Жаматтык коопсуздук келишими уюмунун активдүү мүчөсү. "Ошол эле мезгилде НАТО менен кызматташуубузда карама-каршылык жок" дейт президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев:

- НАТО бул глобалдык деңгээлде коопсуздукка кепилдик берүүчү уюм болсо, Жамааттык коопсуздук келишими уюму регионалдык коопсуздукка жооп берет. Ошондуктан эки уюм бирин-бири толуктап турат.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитетинин төрагасы Исмаил Исаковдун пикиринде, Кыргызстандын НАТО менен тыгыз кызматташканы өлкөгө пайдалуу:

- Эгерде биз НАТОго мүчө өлкөлөр менен канчалык жакын болсок, ошончо өнүккөн, адам укугун сактаган өлкө болот элек. Анткени экономикасы өнүккөн, адам укугун сактаган өлкөлөр НАТОго мүчө. Ошондуктан алар менен канча жакын болсок Кыргызстанга пайда, зыяны болбойт.

Исаковдун айтымында, биздин армияга келечекте НАТОнун стандартын киргизүү туура болот.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Алишер Абдымомунов НАТО акыркы кезде Борбор Азия регионуна кызыгуусун арттырып жатат деп, анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Орто Азия жана Жакынкы Чыгышка НАТОнун кызыгуусу жогору. Себеби ушул региондо кырдаал кандай өнүксө дүйнө ошого жараша өнүгөт. Анткени бул жерде дүйнөдөгү негизги энергетикалык, отун запастары орун алган. Андан сырткары, саясий жараяндар ушул чөлкөмдөрдө курч болуп, дүйнөгү талаштуу көп маселелер ушул жерде чечиле турган болуп турат.

Абдимомунов НАТОго каршылык көрсөткөн дүйнөдө эки эле мамлекет бар. Алар - Россия менен Кытай дейт:

- Кытай менен Россияга жакын келип, аларга коңшулаш мамлекеттер менен келишим түзүп, ал жердеги базалары аркылуу НАТО Кытай, Россияга таасир этүүгө, өзү каалаган нукка аларды бурууга аракет жасайт.

"Ал эми мындай кыйчалышта Кыргызстан өтө кылдат жана чебер тышкы саясат жүргүзүп, биринчи кезекте экономикалык өнүгүштү камсыздоого аракеттениш керек", деп белгиледи Алишер Абдымомунов.