ПРЕЗИДЕНТ ТАЛАШТУУ МЫЙЗАМГА КОЛ КОЁБУ?

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бейшембиде апта башында парламент кабыл алган “Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамга каржылык жардам берүү ниетин билдирди. Бирок АКШ өкмөтү мындай кадамга президент аталган мыйзамга кол койгон шартта гана бармакчы. Шайлоочунун бармагына белги коюуга уруксат берген бул мыйзамдын тарапкерлери аталган сунуш президентти мыйзамга кол коюуга түрткү бериши мүмкүн деген ойдо.
АКШ өкмөтү жаңы мыйзамга ылайык бармакка белги коюу үчүн пайдаланчу суюктукка, жабдыктарга кетчү чыгымдарды төлөп берүүгө жана аны пайдалануунун жол-жобосун үйрөтүүгө даяр. Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматта ушундай айтылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын болжолдуу эсеби боюнча бул мыйзамды ишке ашырууга 300 миң доллар талап кылынат. Ал эми мыйзамдын демилгечиси, депутат Өмүрбек Текебаев болгону 50 миң доллар керек дейт.

Кандай болгон шартта да мыйзамга каршы тарап көз-караштарын каражат менен байланыштырып, муну мыйзам бузуу катары санашууда. Маселен, президенттин Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Мурат Укушевдин айтымында, бул мыйзам Конституциянын 65-беренесин бузуп атат:

- Мамлекеттик бюджеттин эсебинен чыгымдарды көбөйтө же азайта турган мыйзам долбоорлору өкмөттүн макулдугуна ылайык гана киргизилип, кабыл алынат. Макулдук жок болуп атпайбы.

Ушул эле пикирди колдогон Борбор шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев:

- Бул шарт аткарылган эмес. Ошондуктан, президент кол коюуга укугу жок, - дейт. Анын жеке пикиринде бул мыйзам адам укугуна шек келтирет.

Мындай көз караштарды жактаган айылдык жана шаардык жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдар ассоциациясы мыйзамга кол койбоо суранычы менен президентке кат даярдап жатканын жарыялады.

Мыйзамдын демилгечиси болсо келерки шайлоо өнөктүктөрүн, айрыкча, президенттик шайлоону өз кызыкчылыгына ыңгайлаштырып пайдалануу максатында атайын ушундай каршы өнөктүк уюштурулууда, дейт. Бирок Текебаевдин пикирине караганда, каражат булагы табылып жаткан кезде президент мыйзамды колдобой коё албайт:

- Кантип кол койбойт? Акчаны эл аралык уюмдар берип атса, мындай тартип көп өлкөлөрдө колдонулуп атса, биз коррупция боюнча өнүккөн өлкө экенибиз билинип атса, шайлоодогу бурмалануулар көз алдыбызда турса, анан кол койбосо анда өз кызыкчылыгын ойлогон болот.

Ошондой эле Текебаев АКШ өкмөтүнүн бармакка шайлоо учурунда белги коюу ишин каржылоо демилгесин колдой турганын билдирип, бирок аталган мыйзамды «АКШ элчилиги менен макулдашылган мыйзам катары кароо негизсиз» деди.
Мындай пикирин депутат БШК төрагасынын АКШ менен жолугушуусу тууралуу парламентте билдирүүсүнө байланыштуу айтты:

- Американын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг мырза мага келип, маркировка коюуну өз чечимиңиздер менен эле киргизип коюңуздар, тиги-бу дегенинен мен түшүндүрүп айткам, биринчиден, ал мыйзамга кириши керек, деген БШК төрагасы парламенттеги талкуу учурунда, - Экинчиден бул маселени буга чейин эч ким көтөргөн эмес. Ал киши айтты: биз депутаттар менен да иштейбиз. Менин оюмча бул маселе кайдан чыгып атканы түшүнүктүү.

Текебаевдин айтымында, бармакка белги коюу демилгесин «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук биримдиги мындан эки ай мурун көтөргөн, ошондуктан, маселени чаташтыруунун кажети жок:

- Кыргызстанда таза жана так шайлоо өтүшү үчүн колун эмес, бетин боёп койсо деле мейли эле, - дейт биримдиктин тутумуна кирген «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова, - Буга чейинки шайлоолор эмне деген мыйзам бузуулар болгонун көрсөтпөдүбү. Эми президент кол коёбу-койбойбу - ал өз иши. Бирок кол койбойт деген пикир туулуп атат менде. Анткени бул бир жагынан бийликти жактаган адамдарга чоң сокку болду.

Ал эми мыйзамга президент колдоо көрсөтөөрүнө ишенген тараптардын бири - «Демократия жана жарандык коом» коалициясы парламентте мыйзам кабыл алынаары менен коомчулукка билдирүү таратты.

Президент болсо тигил же бул мыйзамга пикирин бир ай ичинде билдириши керек.