OOГАНДЫК КАЧКЫН АЯЛДАР ШАЙЛООГО КАНДАЙ КАТЫШАТ?

Пакистанда жашаган ооган качкындарын Ооганстандагы президенттик шайлоого каттоо дагы бир күнгө узартылды. Бул тууралуу билдирүү жасаган Эл аралык миграция уюму аялдар аз катталып жаткандыгын бышыктады. Уюм Ооганстандын өзүндөгү эскичил жамааттарды 9-октябрдагы шайлоого аялдарды көбүрөөк катыштырууга чакырууда. Бирок Пакистанда жашаган ооган аялдары арасында саясий активдүүлүк анчейин байкалбай жатат.
Пакистандын түндүк-батышындагы Жалозай качкындар лагериндеги бул базарда жашоо бака-шака. Миңдеген киши жашаган лагерде үч күндөн бери Ооганстандагы президенттик шайлоого каттоо өнөктүгү жүрүп жатат. Айрым качкындар 9-октябрдагы шайлоого чоң маани берет. Алардын бири - 25 жаштагы Мухаммад Хан аттуу маектешибиз Ахмед Шах деген инженерди колдомокчу:

– Ахмед Шах көптөн бери бизге баш-көз болуп жүрөт. Биздин аны менен мамилебиз бар. Ал – можахед, ыйык согушта согушкан. Мен ошого добуш берем.

Базарда паранжы кийген аялдар аркы-терки шашылып өтүшүүдө. Бирок аладын өз мекениндеги тунгуч президенттик шайлоого кызыккан түрү байкалбайт. Ушул себептен Бириккен Улуттардын Эл аралык миграция уюму жекшембиде шайлоочуларды каттоону дагы бир күнгө узартты.

Уюштуруучулардын айтымында, азырга чейин 10 миллион ооган атуулу катталды. Согуштардан жана кургакчылыктын айынан Иранга жана Пакистанга качкан миллиондогон оогандар шайлоочулардын чоң блогун түзөт. Бирок акыркы эки күндө каттоодон өткөн 340 миңдей кишинин ар бир бешинчиси гана аялдар болду. Ооганстанда буга салыштырмалуу катталгандардын 40 пайызын аялдар түзөт.

Мурдагы талиб режиминин калдыктары өткөн аптада Пакистандагы качкындар лагеринде "шайлоо кызматкерин өлтүргөн ар бир адам тиги дүйнөдө эңсегенине жетет" деп айтылган баракчаларды таркатышты. Бирок Ооганстандын убактылуу президенти Хамид Карзайдын шайлоо өнөктүгүн жүргүзгөн Дауд Арсала качкындар баары бир жоон тобу менен келип добуш беришет деп ишенет:

- Шайлоого катышып же каттоодон өтүүдө мен эч кандай тоскоолдук көргөн жокмун.

Ошого карабастан Пакистандын түндүк-батыш чегара дубанынын бийликтери коркутуп-үркүтүү аракеттерине олуттуу мамиле жасап жаткандыгын айтууда. Келерки жекшембиде полиция кызматкерлери жана өз ыктыярчылардан куралган күчтөр шайлоо бекеттерин кайтарууга алышмакчы.

Ал эми Мухамед Ханга окшогон шайлоочулар 9-октябрдагы добуш берүү Ооганстанда бейпил турмушту калыбына келтирүүгө огожо болот деп ишенип жатышат:

- Биз азыр каттоодон өтүп жатабыз. Добуш берүү менен, ата-мекенибиздин эркин болушуна салым кошобуз. Ооган жергесине тынчтык орносун, биз өз падышабызды такка отургузабыз.