СУЛАЙМАН ИМАНБАЕВДИН КЫЗМАТТАН КЕТИШИН УКУК КОРГООЧУ ТАЛАП КЫЛУУДА

Азиза Турдуева, Бишкек 4-октябрда Кыргызстандын патриоттук кыймылы президент Аскар Акаевге жана элге кайрылуу жолдоду. Анда Сулайман Иманбаев жетектеген Борбордук шайлоо комиссиясынын азыркы курамы өзгөртүлбөсө, алдыдагы шайлоолор да буга чейинкилериндей эле мыйзам бузуулар жана бурмалоолор менен өтөт деп айтылган.
Кыймылдын төрагасы Турсунбек Акун мындай мазмундагы кайрылуунун жолдолушунун себебине токтолду:

- Кыргызстандын патриоттук кыймылы алдыдагы шайлоолор адилет, мыйзам бузууларсыз өтөөрүнө ишенбейт. Анткени Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөлөру жана аны жетектеген Сулайман Иманбаев он жылдан бери шайлоо, референдумдарда мыйзам бузууларга, бурмалоолорго жол берип келе жатат. Бийликтин мүдөөсүн, тапшырмасын аткарууда. Мына канчалаган оппозициялык көз-караштагы талапкерлер буга чейинки шайлоолордон четтетилип калды, канчалаган адамдардын укуктары бузулду. Ошондуктан, биз Борбордук шайлоо комиссиясынын айтылуу төрагасы Сулайман Иманбаевдин кызматынан четтетилишин талап кылып жатабыз. Эгерде бул талап аткарылбаса, анда 10-октябрда боло турган жергиликтүү шайлоонун, алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолордун жыйынтыктары жараксыз деп табылсын деп талап кылабыз.

Ал эми биз Боршайлоокомдун төрагасы Сулайман Иманбаевге телефон аркылуу бул кайрылууга карата пикирин сурап кайрылганыбызда, ал мындайча жообун узатты:

- Эми Боршайлоокомдун ишине карата ар кандай пикирлер айтылат. Бири каралайт, бири жактайт. Атайын уюштургандар да бар. Шайлоо алдында ар ким өзүнүн маданиятына, мүмкүнчүлүгүнө жараша бийлик үчүн күрөш жүргүзөт. Эл биз кандай иштеп жатканыбызды билет. Өзү таразалап алат. Эми биз шайлоолор акыйкат өтүшүнө шарт түзүүгө аракет жасап жатабыз. Албетте, кемчиликтер жок эмес, бар. Бирок алар шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир эте албайт деп ойлойм. Анын баарын эл, ар бир шайлоочу чечет , - деп жооп берди Сулайман Иманбаев «Азаттыкка».

Кыргызстандын патриоттук кыймылынын кайрылуусу боюнча айрым саясий партиялар менен өкмөттүк эмес уюмдарга да кайрылдык. Кээбир бейөкмөт уюмдар өлкөдө шайлоолор адилетсиз өтүп жактандыгына Борборшайлооком эмес, талапкерлер жана эл өзү күнөөлүү, өздөрү мыйзам бузууларга жол берип келишет деген пикирлерин айтышууда. Бул жөнүндө Кыргызстан бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Уметалиеванын пикири мындай:

-Сулайман Иманбаевичти күнөөлөгөн негизсиз. Талапкерлер, шайлоочулар өздөрү шайлоолор адилетсиз өтушүнө жол берип жатышат. Эл өзү татыктууларын тандап алышы керек. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы өз ишин талаптарга ылайык эле жүргүзүүдө.

Айрым саясий партиялар тарабынан белгиленгендей, шайлоолордун адилетсиз өтүшүнө борбордук шайлоо комиссиясынан сырткары жогорку жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн да тийешеси бар. Буга байланыштуу «Атамекен» социалисттик партиясынын төрагасы, парламенттин депутаты Өмүрбек Текебаевдин ою мындай:

-Мен кандайдыр бир деңгээлде Кыргызстандын патриоттук кыймылынын тынчсыздануусуна кошулам. Бирок бул жерде кеп бир гана Сулайман Иманбаевде эмес. Кеп - андан жогоруда турат. Бул -президенттик администрация, губернаторлор, акимдер, жергиликтүү чиновниктер, укук коргоо органдары – баары мыйзам бузуулар менен иштешет. Ал эми Сулайман Иманбаевичтин жеке өзүнө токтоло турган болсом, ал абдан сабаттуу, компетентүү адистердин бири. Бирок саясий жагына келсек, албетте, ал президенттик шайлоо убагында президентке жан тартып коймой жайы болгон. Аны ачык айтыш керек. Ал эми майда шайлоолордо колунан келгенче адилет болгонго аракет кылып жатат.

Ал эми айрым серепчилердин пикиринде, өлкөдөгү шайлоолордун адилет, ачык-айкын өтүшүнө көзөмөл жүргүзүүчү орган катары албетте Борбордук шайлоо комиссиянын орду жогору. Бирок талапкерлер менен шайлоочулардын жоопкерчилиги, укуктук аң-сезими да чечүүчү мааниге ээ.