ПРЕЗИДЕНТ БУШТУН ТАРАПКЕРЛЕРИ СОЦИОЛОГДОРДУ КАНТИП АДАШТЫРДЫ?

АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө көпчүлүк америкалыктар “Коомдук пикирлер туура эмес чагылдырылып жаткан жокпу?” деп тынчсызданып жатышты. Кайра кайра өткөрүлгөн сурамжылоолор президент Жорж Буш менен анын атаандашы, сенатор Жон Кэрринин Ак Үйдүн төрүн ээлөө мүмкүнчүлүгү бирдей экенин көрсөтүп жатты. Ошон үчүн, эл арасында сурамжылоону жүргүзгөн уюмдар Кэррини ашыкча баалап, жаңылыштык кетиришүүдө деген шектенүүлөр болду. Бирок, 2-ноябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы, социолгдордун изилдөөлөрү туура болгонун ырастады.
Кошмо Штаттарда 2-ноябрда өткөн шайлоого чейин дээрлик бардык байкоочулар көпчүлүк америкалыктар чөнтөк телефонун пайдаланышкандыктан, социологиялык топтор элдин баарын камтый албаганын жана америкалыктар бейтааныш бирөөнүн суроосуна телефондон жооп бергенди жакшы көрүшпөгөнүн айтышып, сурамжылоолор туура эмес деп каңкуулап жатышкан. Ошондой эле, бул ирет эл шайлоого өтө жандуу катышаарын, социологиялык изилдөө уюмдары жакшы жабдылбагандыктан, шайлоочуларды толук камтый албай турганына да талдоочулар көңүл бурушкан.

Бирок, шайлоонун жыйынтыгы социологиялык изилдөө борборлору өз ишин мыкты билишкенин айкын кылды. Вашингтондогу жеке менчик Като институтунун талдоочусу Патрик Башамдын пикиринде:

- Сурамжылоого тартылган адамдар, интуитивдүү жооп беришкенби же андай эмеспи, көпчүлүк адамдар ойлогондон бир топ эле туура жооп беришкен. Жаш шайлоочулар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо да абдан так чыкты. Сурамжылоодо ката өтө аз экени акыр соңунда айкын болду. Сурмажылоодогу айрым жаңылыштыктар атаандаштар бири бирине татыктуу болгонун күбөлөйт.

Башам маселе сурамжылоодо эмес, элдин шайлоо алдындагы маанайында деп эсептейт. Анткени, суурамжылоолордун жыйынтыгы, атаандаштар тең чыгышы мүмкүн экенин көрсөткөнү менен, маалымат булактары демократ-сенатор Жон Кэрринин колдоочулары саат санап өсүп баратканы тууралуу тынбай кабарлап жатышты дейт Башам:

- Биз шайлоо өнөктүгү маалында ким катуу кыйкырса, ага көп көңүл буруларына күбө болдук. Бушка каршы маанай күчтүү болгонун эч ким танбайт. Бирок, Бушту жактоочулардын маанайын эсептөөнүн амалы барбы? Эл маанайын билүү өтө катаал суроо.

Патрик Башамдын байкашынча, Жон Кэррини жаштардын көбү колдошкону менен, алар шайлоого өздөрү убада кылгандай тегиз катышпады. Жаштар бу жолу да 2000-жылкы шайлоодогудай добуш берүүгө аз келишти.

Мааламт каражаттары демократ Керринин мүмкүнчүлүгүн ашыкча баалап жибергенин Нью-Йорк мамлекеттик университетинин профессору Роберт Спитцер да белгилейт:

- Буш үчүн шайлоочуларды үгүттөө тынч жүрдү. Себеби, республикачылдын уюму өтө эле көп баскычтуу жана алар басма бетине көп чыкканды сүйүшпөйт. Алар “масс медианын” көзүнө илинбей иш жүргүзгөндү каалашты. Ошондуктан, маалымат каражаттары демократтардын же Кэрринин уюштуруу иштерин көп чагылдырды. Өз тарапкерлерин шыктандырууда эки жак тең жакшы аракеттеништи. Лекин, республикачылар аз да болсо мыкты иштешти.

Социологиялык борборлор шайлоого чейинки элдин маанайын туура аныкташканы менен, алардын 2-ноябрь күнкү добуш берип чыккан шайлоочулар менен өткөргөн "exit polls" деп аталган сурамжылоосунда бир топ жаңылыштыктар болду. Анын себебин "The New York Times" гезити ири социологиялык топтун изилдөөсүнө шилтеп, мындайча түшүндүрөт. Көрсө, Буштун жактаган адамдар ага добуш бергенин социологдордон жашырып, ачык айтышкан эмес экен.