КАРАЧАЙ-ЧЕРКЕСИЯ: НААРАЗЫ БОЛГОНДОР ӨКМӨТ ҮЙҮН ЭЭЛЕП ОТУРУШАТ

Муса Мураталиев, Москва Карачай-Черкесиянын баш калаасында шейшембиде миңдеген козголоңчулар өкмөт үйүн басып алышкан. Алар президент Мустафа Батдыевди жана бардык күч органдарынын жетекчилерин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Ошондой эле алар мындан бир ай мурда - президенттин күйөө баласы Каитовдун дачасында атылган 7 ишкердин өлүмүн иликтөө адилет жүргүзүлүшүн талап кылышууда.
Өкмөт үйүн басып алган жүздөй киши президенттин кабинетинде түнөп чыгышты. Шаршембиде болсо жумурияттын парламенти чукул чакырылган олтурумуна чогулуп, өлкөдө түзүлгөн кырдаалды талкуулоого киришти.

Кайсы бир булактан алынган маалыматка караганда, президент Батдыев отставкага кетпейм дептир. Сырттан көз салуучулар Черкесск шаарында түзүлгөн жагдайга Москва кайдигер мамиле жасап жатканын белгилешет.

Черкесск калаасында аянтка чогулгандар 9-ноябрда шейшембиде түн киргенде гана үйлөрүнө кетишкен, бирок барып түнөп келиш үчүн эле тарашкан. Президент Батдыевдин кабинетин ээлеген кырктай киши эмдигиче ошол жерде - кабинетте түнөп чыгышкан экен. Алар курман болгон 7 ишкердин жакын туугандары дешет.

Эртең менен аянтка кайра да эл чогулду. Бирок козголоң чыгаргандарды кармап-камоо болгон эмес. Федералдык башкы прокурордун орун басары Николай Щепель шаршембиде козголоңго катышып жаткандарга мындай деди:

-Кечөө мыйзамдын 212-беренесинин биринчи жана экинчи бөлүгү боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоду. Ал - массалуу түрдө башаламандык уюштуруу жана ага катышуу беренеси.

Карачай-Черкес ордо калаасындага коогалаңдуу калабага Москва анча назар салбашын сырттан көз салуучулар башкача жышаан деп белгилешүүдө. Маселен, көз карандысыз саясий талдоочу Антон Ореховдун айтканына караганда:

- Путиндин колуна күчтүү көзүр тийди. Бул калабалуу окуя шайлоо жолу менен бийликке келген жергиликтүү падышаны ооздуктоо мүмкүн болбой калганда, тургундар кантип өкмөт имаратын бүлдүрүп, терезелерди сындырып, мүлктү уурдоо болорун күбөлөп салган мисал болду.

Жаңжалдын чыгышын экономикалык негизде, болгондо да бир кландын ичинде мүлк талашуудан чыгып кетти. Анын акыры келип саясий маанай жаратты дешет. Мындай ыңгайлуу жагдай Кремлдин тегирменине суу куйду дешүүдө. “Эркин Европа жана Азаттыктын” кабарчысы Мурат Тимировдун айтканына караганда:

- Балким, Путин буга дейре айтып келаткан мамлекеттик жаңы түзүлүшкө өтүүнүн кандай болушун текшерип чыгуу ушул Карачай-Черкесиядан башталаар.

Бирок бийлик тараптагы талдоочулардын баамында Карачай-Черкесия президентин өз ордунда калтыруу керек. Андай болбосо жаман жорукка жол ачылат. Ал бүткүл Кавказга таркап кетиши ыктымал. Маселен, Кремлдик саясатчы Дмитрий Шушариндин пикири ушундай:

-Орусиянын мыйзамдары, ошондой эле ал жумурияттын мыйзамдарыы боюнча Карачай-Черкесия жетекчиси болуп Мустафа Батдыев кала берет. Ошол себептен өкмөт үйүн басып алгандардын аракетин козголоң чыгаруу деп таануу керек. Бул - төңкөрүш.