К.БАЙБОЛОВ: КОРРУПЦИЯНЫН ТАМЫРЫН КЫРКУУ ҮЧҮН САЯСИЙ ЭРК КЕРЕК

Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш күчөтүлбөсө, келерки парламенттик жана президенттик шайлоого анын олуттуу салакасы тийиши жана өлкөгө коркунуч келтириши ыктымал. Мындай пикирин бүгүн өткөн маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрага орун басары Кубатбек Байболов билдирди. Маалымат жыйыны Байболов жетектеген топтун Литвага сапарынын жыйынтыгы боюнча өттү. Коррупцияга каршы күрөш жаатында тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн бул сапарды Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкек кеңсеси каржылады.
Европа Биримдигине кирген жаңы өлкөлөрдүн бири Литвага сапарды Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Бишкек кеңсеси донор уюмдардын Бишкек жолугушуусунан кийин уюштурду. Анткени, 3-ноябрда Бишкекте өткөн бул жолугушууда талкуунун өзөгүн коррупцияны ооздуктоо маселеси түзгөн. Бул проблеманы чечүүгө көмөк көрсөтүү иретинде ЕККУ ушул демилгени көтөрүп чыккан болчу.

Литванын тажрыбасы менен таанышкан эксперттердин пикирлерине караганда, коррупцияга каршы күрөштө Литва чуулгандуу иштердин бетин ачып, карылуу экенин далилдей алган. Бирок, жеке эле Литваны туурабай, башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын да иликтеп, Кыргызстан өзүнө ыңгайлаштырып пайдаланганы эп.

Делегациянын башчысы, депутат Кубатбек Байболовдун пикиринде, Кыргызстанда башка бир катар өлкөлөрдөн айырмаланып, коррупцияга каршы күрөш боюнча күчтүү мыйзамдар бар, бирок алар иштебейт, саясий эрктин жетишсиздиги коррупциянын гүлдөп өсүшүнө жол берип жатат:

- Эгер биз чындап эле күрөшкүбүз келсе, бири-бирибизди алдаганды токтотушубуз керек. Проблеманы табуу жагында кеп жок, маселенин баары проблеманын тамырын кыркууда. Бизде жазаны сөзсүз ишке ашыруу деген принцип жок болуп атат.

Депутаттын айтымында, коррупция проблемасын жаап-жашыруу мүмкүн эмес. Эл аралык уюмдар иликтеп бербеген күндө деле алаканга салгандай көрүнүп турат дейт:

- Канча акча кайда кетип атканын, канча тармактан кандай миллиондор уурдалып атканын, энергетикада эмне болуп атканын, бажыда эмне болуп атканын биз өз көзүбүз менен көрүп атпайбызбы. Ошол эле президенттик администрация жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков жакында эле Кытайдын бажысы менен биздин бажынын ортосунда 200 миллион доллар экен бир жылда, ошол кайда кетти деп айтпадыбы. Анан бирөө иш козгодубу ушул боюнча? 200 миллион доллар!

Кыргызстанда коррупциянын деңгээлине баа берген маалыматты эл аралык уюмдардын ичинен акыркы ирет «Транспэренси интернешнл» уюму тараткан. Бирок, коррупция ашынып кетти деген бааны расмий бийлик аша чапкандык катары баалап келүүдө. Маселен, маалымат жыйынында башкы прокурордун орун басары Учкун Каримов мындай көз караш чындыкка дал келбейт деди:

- Мен коррупция ашынып кетти деп айта албайм. Бул прокуратура органдары иштеп жаткан артыкчылыктуу тармак. Канткен менен биз иштеп атабыз да. Бюджетке 100 миллион сомдон ашык каражатты кайтардык. Бул кантсе деле иш эмеспи.

Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкек борборунун башчысы Маркус Мюллер болсо коррупцияны ооздуктоо аракеттери натыйжа бере албай жатканын айтат:

- Байболов мырза туура белгилегендей, көп нерсе саясий эркке байланыштуу… Бүгүн сиздер менен биздин жана Кыргыз өкмөтүнүн алдында коррупцияга каршы күрөштө саясий эрк жана аракет бар экенин далилдөө милдети турат.

Коррупцияны ооздуктоо үчүн бийлик, салык системасын реформалоо, соттук–укуктук реформаны соңуна чыгаруу керек дейт Кубатбек Байболов.

- Коррупциялашкан кылмыштуу элементтер бийликке умтулуп атышат, - дейт депутат, - Калыбы, алар мамлекеттик башкарууга таасир көрсөтүү максатында парламенттик шайлоодо жетиштүү орун алышат, анан президенттик шайлоого даярдана башташат. Эгер коррупциядан азыртан арылбасак, бүтүндөй өлкөнү жоготуп алышыбыз ыктымал.