ИРАНДЫН АТОМ КУРАЛЫН ЧЫГАРУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ БАРБЫ?

Амирбек Усманов, Парага Учурда Ядролук куралдарды жайылтпоо келишимине кол койгон өлкөлөрдүн көбү атомдук энергияны коммерциялык максатта колдонуунун аракетин кылышууда. Коммерциялык программаны кийин эки максатта: тынтчык же аскерий максатта колдонуу мүмкүн. Адистердин боолгошунча, Иран азыр дал ушундай жолду тандап алган көрүнөт.
Ядролук куралдуу болууну көздөгөн өлкөлөр көбүн эсе оболу уранды байытуунун жолдорун өздөштүрүү аракетин кылышат. Атомдук станция үчүн колдонулчу байытылган уранды дагы бир аз иштетсе эле ядролук бомба үчүн колдонуу мүмкүн. Мисалы, плутонийди медициналык изилдөөлөргө катар ядролук курал үчүн да пайдаланса болот. Иран, эксперттердин пикиринде, дал ушул жол менен бараткан болушу ыктымал. Ушундан улам, декбардын башында АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл:

– Иран сыяктуу өлкөлөрдүн ядролук программага кызыгып жатканына биз тынчсызданышыбыз зарыл.

Ырасмий Тегеран, ырасында эле, эл аралык келишимдер өлкөгө атомдук реактор үчүн зарыл отунду же уранды өндүрүүгө укук бергенин, анын максаты уранды тынчтык максатында пайдалануу экенин ачык эле айтып келет. Президент Мухаммад Хатами октябрдык аяк ченинде эле:

–Иранда өзөктүү курал жасоо далалаты жок экенине ишендирүү үчүн дүйнө жана МАГАТЭ менен толук кызматташууга, өз ара түшүнүүчүлүккө жетүүгө биз даярбыз.

Иран өкмөтү өзөктүк программасы ядролук энергияны тынчтык максатында иштетүүнү көздөгөнүн тынбай кайталап жатса да, өлкөнүн бу тармактагы ашыкча активдүүлүгү эксперттер арасында ар кандай тынчсызданууну жаратууда.
Стокольмдогу Эл аралык тынчтык институтунун эксперти Шэннон Кайлдын айтышынча:

– Иранда уран байытуучу эки ишканасы бар экени бизге маалым. Алардын экөө тең Тегерандан түштүктөгү Натанз деген жерде жайгашкан. Чаканы 1 миң центрифугалуу, экинчиси болсо 50 миң центрафугага жакын. Анын чоңу жерге терең курулуп, дубалдары жана үстү калыңдап жабылган. Мунун өзү Иран аны жаа жашырууга тырышканын жана ага сокку урулат деп кооптонгонун күбөлөйт.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭ жана АКШ Ирандын ашыкча ишемрдүүлүгүнөн акыркы жылдары шектенип жүрөт. Кайлдын айтымында:

– МАГАТЭнин текшерүүсү центрифугада иштетилген компоненттердин айрымдарында байытылган урандын бар экенин көрсөткөн. МАГАТЭ азыр кээ бир зыяндуу заттар Иранга үчүнчү өлкөдөн- Пакистандан келген болушу ыктымал деп болжошууда. Анткен менен, анын баарын үчүнчү өлкөдөн деп айтуу кыйын. Ушундан улам Иранда байытылган ураны бар деген тыянак чыгарса болот. Эгерде уран ядролук программага отун үчүн гана колдончу болсо, аны ошончолук деңгээлде байытуу зарыл беле?

Чынында эле, 2002-жылы тыш өлкөлөрдө жашаган ирандык диссиденттер Иран атомдук программанын үстүнеөн жашыруун иштеп жатканын ашкере кылганга чейин, Иран анда уранды байытуучу жабдуулары бар экенин БУУнун каруу жарак инспекциясынан жашырып келген. Анан да МАГАТЭнин текшерүүсү Ирандын центрифугаларында 20 процентке байытылган урандын издерин табышкан. Бул реакторго отунга колдонулчу урандан 2-3 процентке көп.
Эксперттердин эсептөөлөрүнө караганда, Иран уранды байытуу аракетин токтотпосо, эки-үч жылдан кийин атомдук бомба үчүн зарыл компонентерди өзү жасай баштайт.
Шэннон Кайл атомдук куралдуу Британия, Кошмо Штаттары, Франция, Кытай жана Россия эле алгач ишти Иран сыяктуу уранды байытуудан башташканын эске салат:

– Ирактын суутек менен иштеген 40 ваттык реактор ядролук куралга керектелчү плутонийди чыгарууга абдан ылайыктуу. Бу түрдүү реактор ядролук куралдуу бардык өлкөлөрдө алгачкы жылдары атомдук программасын өнүктүрүү үчүн пайдаланылган.