ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО ОППОЗИЦИЯЛЫК ПАРТИЯЛАР КАТЫШТЫРЫЛГАН ЖОК

Бүгүн (жекшембиде) Өзбекстанда парламенттин төмөнкү палатасына шайлоо өткөрүлдү. Шайлоонун жыйынтыгында төмөнкү палатанын 120 орунунун ээлери аныкталууга тийиш. Президент Каримов жекшемби күнү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун жана өзбек оппозициясын сынга алып, Украинадагы сыяктуу окуяларга жол берилбестигин билдирди. Өзбек оппозициячыл лидерлери жана эл аралык коомчулук бул шайлоону адилет жана калыс өтпөйт деп мурда эле сынга алган, анткени шайлоого катышуу укугу өкмөтчүл беш партияга гана берилген.
Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдашынча, шайлоочулардын 70 пайыздан ашууну келип добуш беришти. Көз карандысыз байкоочулар чыныгы көрсөткүч мындан алда канча аз экенин билдирүүдө. Мыйзамга ылайык, шайлоочулардын 33 гана пайызы келип берсе, шайлоо өткөрүлдү деп табылмак. Демек, расмий бийликтер бул шайлоо өттү деп бүтүм чыгара алат.

Бирок шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн жергиликтүү калктын өкүлдөрү «Азаттыкка» маалымдашты. Алардын бири – анжыяндык өзбек шайлоочусу өзү добуш берген шайлоо бекетинде жалаң гана эркектер добуш бергенин, алар бүт үй-бүлөсү үчүн бүллетендерди күргүштөтүп салышканын айтты:

- Бир дагы аял көрүнгөн жок. Мен өзүм 12 кишиге добуш бердим. 12 бүллетен үчүн чакыруу бердим эле, 12 кагазды колума карматышты.

Ал эми «Азаттыкка» жекшембидеги шайлоого чейинки өнөктүк тууралуу өз оюн айткан бир өзбек айым шайлоонун дурус өтүшүн камсыз кылуу үчүн Совет доорундагыдай убактылуу турмуш-тиричиликтик жагымдуу шарттар түзүлгөнүн сындады:

- Шайлоого ыраазы болушту. Эмне үчүн, билесизби? Шайлоонун шарапаты менен он күн бою электр жарыгы өчпөй, газ токтотулбай, чырагыбыз өчпөй турду. Бизге тээ Совет доорундагыдай түзүлүш элестеп кетти.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов бүгүн (шайлоо күнү) журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун кескин сынга алды.

Ал расмий Ташкент эми Жапония, Индия, Түштүк Азия сыяктуу чыгыш өлкөлөрүнүн демократиялык коомунун өрнөктөрүн эске ала баштаганын айтты:

- 1999-жылы жана андан мурдагы кезеңде биз негизинен Европага жана Батышка багыт алганбыз. Алардын өкүлдөрү демократиянын өздөрү үчүн ылайык болгондой үлгүсүнө таянуу менен бизге жол көрсөтүп, таңуулап же биздин жараянга баа бычуу үчүн өлкөбүзгө келип жүрүштү.

Президент Каримовдун оюнча, Кошмо Штаттар соңку президенттик шайлоо учурунда ЕККУну көзүнө илген да жок жана ЕККУ азыркы турумун түп-тамырынан реформалоого тийиш.

Өзбек мамлекет башчысы шайлоого катышуу укугунан ажыратылган оппозициячыл партияларды жана алардын жетекчилерин да сынга алды. Анын оюнча, өзүн оппозиция деп атаган «Эрк», «Бирлик» жана «Азат дыйкан» сыяктуу партияларды калк колдобойт:

- Кээ бирөөлөр бизди бир нерсеге үмүткөр болгон кайсы бир оппозициялык партияларды каттабай койду деп жөн жерден айың кеп айтып жатышат. Келгиле, бул маселеге объективдүү карайлы. Мына мен далилдеп бере алам. Эгерде сиз олуттуу оппозициячыл партия болсоңуз анын жөнү башка, бирок «Бирликтей» эмес. Бул уюм өзүн эчак эле жаманаттыга калтырган. Иш жүзүндө Өзбекстандын аймагында анын эч кандай таянычы жок. Мен коомдун ар кыл социалдык катмарларын эске алып жатам. Алардын эч таянычы жок!

Каримов мырза бозгундагы оппозициячыл саясатчылардын бири, «Эрк» партиясынын лидери Мухаммад Салихтин уулун талиптер менен кызматташ болчу деп айыптады.

Мухаммад Салих «Азаттык» үчүн курган маегинде бул айыптоолорду төгүнгө чыгарды. Анын оюнча, Каримовдун режими оппозициядан корккону үчүн оппозициячыл күчтөрдү куугунтукка алууда:

- Эгерде Өзбекстандын президенти айтып жаткандай чындап эле калк арасында биздин беделибиз жок болсо, анда бул өкмөт бизди шайлоого катыштыраар эле. Бул кадам аркылуу калк бизди шайлоо аркылуу баалап бермек. Добуш ала албай калып, шерменде болушубуз үчүн ал бизди бул шайлоого катыштыраар эле.

Бирок, дейт Салих, иштин жайы теңирдин тетирисинче. Каримовдун режими үчүн чыныгы оппозиция дагы эле коркунучтуу, дейт Салих мырза.

Ал 1991-жылы декабрда атаандаш талапкер катары президент Каримовго каршы чыккан. Куугунтуктоонун айынан өлкөдөн кетип, ушул тапта Европада бозгунда жүрөт.

Жекшембидеги шайлоого катышкан 500дөн ашуун талапкердин баары өкмөтчүл беш партиянын өкүлдөрү. Бул беш партиянын бири – Калк демократиялык партиясы бир кезде Ислам Каримов өзү жетектеген Өзбекстан коммунисттик партиясынын мураскору катары маалым. Патриоттук улуттук демократиялык партия, Адилет социал-демократиялык партиясы, Ишкерлердин либерал-демократиялык партиясы жана Улуттук кайра жаралуу партиясы деп аталган башка уюмдар да көз каранды эмес серепчилер тарабынан Каримовдун «чөнтөк партиялары» катары бааланууда.

Өзбекстанга салыштырмалуу, ага коңшу Кыргызстанда алдыдагы феврал айында өтө турган парламенттик шайлоо эл аралык коомчулукту чыныгы демократиялык өнөктүк болот ко деп үмүттөндүрүүдө.