ТАРТИП КОРГОО ОРГАНДАРЫ ШАЙЛООГО КАМЫНА БАШТАДЫ

Бүбүкан Досалиева, Бишкек. 17-январда Ички иштер министрлигинин имаратында бардык тартип коргоо орган өкүлдөрү катышкан семинар-кеңешме болду. Анда алдыдагы парламенттик шайлоону тынч жана уюшкандык менен өткөрүүгө шарт түзүү жана ага негиз болуучу кандай чараларды көрүү керектиги аныкталды.
Семинар кеңешмеге Ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкерлеринен тышкары президенттик администрациянын коргонуу жана тартип коргоо органдарынын иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Болот Жанузаков, Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев катышты. Анда алдыдагы парламенттик шайлоону мыйзам чегинде калыс жана ызы-чуусуз өткөрүү үчүн тартип коргоо органдарынын алдында турган милдеттер аныкталды. Президенттик администрация жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жанузаков шайлоо маалында кенедей эле мыйзам бузуу же башаламандык болсо, аны бийликти алууну көздөп, азыртан эле пикет,митингдерди уюштуруп жаткан оппозициячыл күчтөр өз кызыкчылыгына пайдаланат деп билдирип, тартип коргоо кызматкерлерин жыйнактуу болууга үндөдү:

- Эгер бир жерден чатак чыкса алар эч нерсе дебейт. Тескерисинче, алар ошол чатакка ширеңкени жагып, өрттөйт дагы бардыгын кылган милиция жана бийлик деп сыртка чыга берет. Ошон үчүн бүгүнтөн баштап бардык кадамыбызды жакшылап салмактап туруп, ушундай аракеттердин баарына мыйзам ченеминде, Конституциянын чегинде тоскоолдук койбосок болбойт, урматтуу офицерлер.

Б.Жанузаковдун айтымында, азыр өлкөдөгү атуулдардын арасынан өтө катуу көңүл бөлө турган үч катмар бар. Алар жаштар, пенсионерлер, соода кылып жан баккандар жана акчасын коммерциялык банктар менен компанияларга алдаткандар. Болот Жанузаков оппозициячыл күчтөр аларды өз пайдасына өтө ийкемдүү жана натыйжалуу курал катары колдонуп кетиши толук мүмкүн деп, буга башка өлкөлөрдөгү жаштар уюмдарын мисалга тартты:

- Сербиядагы жаштардын «Отпор», Грузиядагы жаштардын «Кмара» жана Украинадагы жаштардын «Пора» деп аталган топтору силердин эсиңиздерде болсо керек. Тилекке каршы бизде дагы «Ойгон, Кыргызстан жаштары» деген топ бар. ,

Б.Жанузаков коммерциялык банктар менен компанияларга акчасын алдаткан атуулдарды оппозициячыл күчтөр азыртан эле өз тарабына тартуу аракетин көрүп жаткандыгын жана алар да эки анжы ойдо тургандыгын баса белгиледи. Ошон үчүн башаламандыкка өбөлгө болчу бардык тартип бузуулардын алдын алуу иштерин биримдиктүү,так жана уюшкандыкта жүргүзүүгө тартип коргоо органдарын милдеттендирди.

Ал эми Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев шайлоо маалында элдин нааразылыгын жаратаар, анын негизинде оппозициячыл күчтөрдүн дымагын күчөтөөр бир катар кемчиликтер бар экендигин кабарлады. Алардын эң башкысы- эмдигиче шайлоочулардын тизмесинин такталбай, айрым жерлерде тизмеге башка жакка эбак көчүп кеткен же көз өтүп кеткен адамдардын кошулуп жазылгандыгы болууда:

-Албетте,бул кемчилик «өлүү жандардын» тизмесин пайдаланып, алардын аты менен добуш берүү үчүн атайын жасалып жатат деген негиздүү сынды жаратышы мүмкүн.

С.Иманбаевдин айтымында, бул ишке тизмени түзүүгө жоопкер жергиликтүү бийлик менен алардын жетекчилери кайдыгер мамиле жасап жатышат.

Шайлоо маалында нааразылыкты жарата турган экинчи бир олуттуу жагдай Бишкектеги жатаканалардагы студенттердин, жаңы конуштардын тургундарынын каттоосунун жоктугу жана шайлоого жашы жеткен атуулдардын паспортсуз жүргөндүгү болууда. Сулайман Иманбаевдин баамында бул көрүнүштөр атуулдардын шайлоо укугунан ажыратты деген нааразылыгын жаратышы мүмкүн. Ошондуктан тартип коргоо органдары 27-февралга чейин аларды тезинен каттоого алуу маселесин чечүүсү зарыл. Ошондой эле алар талапкерлердин өлкө аймагында акыркы беш жыл ичинде турган же турбагандыгы тууралуу маалыматты шайлоо комиссияларына 3 күн ичинде берүүсүн талап кылды.

Борбордук Шайлоо комиссиянын башчысы мындан тышкары талапкерлердин шайлоо фондусуна түшкөн акчанын тазалыгы менен аны пайдалануунун мыйзамдуулугуна дыкат көңүл буруу керектигин баса белгиледи. Анткени, Шайлоо Кодексинин талабы боюнча азыр талапкердин шайлоо фондусу 500 миң сомдон ашпайт. Бирок, сарптаган каражаты андан бир нече эсе көп деген маалыматтар бар. Ушундан улам тартип коргоо органдары талапкердин фондудагы каражатын мыйзам чегинде сарптоосуна көз салып, чатакка жол бербеши зарыл:

- Эгер талапкер өзүнүн фондусундагы каражаттан жарым процентке да ашыкча акча сарптаган болсо, ал шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин да марадан чыгарылышы мүмкүн. Ошон үчүн бул өтө жооптуу маселе. Анын мыйзамдуу болушуна сиздердин жардамыңыздар зарыл. Айрыкча фондго түшкөн каражаттын тазалыгына көз салуу керек. Себеби, шайлоо мыйзамдары кылмыш жолу менен табылган каражаттын фондго түшүшүнө катуу чек коет жана аны силерден башка органдар тактай албайт.

Семинар-кеңешмеде булардан тышкары үгүт иштерине, добуш берүүчү жайлардын коопсуздугуна жана элдин бейкуттугун камсыз кылуу чараларына катуу көңүл буруу керек деген милдет коюлду.