ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО АЯКТАДЫ

13-мартта Кыргызстанда парламенттик шайлоонун экинчи туру аяктады. Борбордук шайлоо комиссиянын төрагасы Сулайман Иманбаев шайлоонун уюшкандыкта, тынч, Шайлоо кодексине ылайык өткөрүлгөнүн жарыялады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын интернет баракчасынын маалыматы боюнча, экинчи тур болгон 39 шайлоо округу, биринчи тур болгон Тоң шайлоо округу боюнча алгачкы жыйынтыктар чыгып калды. Айрым шайлоо округдары боюнча азырынча толук маалымат келе элек.

Ошентип, Борборшайлоокомдун алгачкы маалыматы боюнча, экинчи турда оппозиция тараптан Дооронбек Садырбаев, Исхак Масалиев, Өмүрбек Текебаев, Болот Шерниязов жеңишке жетишти. Ал эми Адахан Мадумаров, Курманбек Бакиевдин округдары боюнча толук маалымат келе элек. Бирок 90% бюллетендерди санап чыгуудан кийин Куршаб округу боюнча Адахан Мадумаровдун атаандашы Мамат Орозбаев 440 добуштан ашык менен алдыда келатат. “Азаттыктын” учурда Куршабда жүргөн кабарчысынын маалымдоосуна караганда, Куршаб округдагы бир шайлоо участогу боюнча чатак чыгып, округдук шайлоо комиссиясы аны кабыл албай койгон. Адахан Мадумаров болсо сотко кайрыларын билдирген. Ал эми Курманбек Бакиев ат салышкан №25 Караүңкүр шайлоо округу боюнча 35% бюллетендер саналып чыгып, анын жыйынтыгы боюнча Нышанов Сайдулла алдыда келатат.

Баткен шайлоо округу боюнча Досбол Нур уулу, Асанбаев шайлоо округу боюнча Мелис Эшимканов минималдык эсеп менен атаандаштарына утулууда.

Калктын көңүлү бурулган №1 Университет шайлоо округу боюнча президенттин кызы Бермет Акаева 53,64% добуш алды. Ал эми анын атаандашы Болот Марипов 39,2% ашуун алган.

Ал эми биринчи тур болгон №75 Тоң шайлоо округунда Кочкор шайлоо округунда 27-февралда болгон окуя кайталанды. Башкача айтканда, бул округда баарына каршы 67,15% ашуун шайлоочу добуш берген. Ал эми Арслан Малиевдин атаандашы катары чыккан Аскербек Тукешов 28% добуш алган. “Шайлоо” кодексине ылайык бул округда шайлоо болбой калды деп эсептелинет.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурунку төрагаларынын бирөөсү Алтай Бөрүбаев атаандашы Болотбек Шерниязовго утулса, экинчи төрага Абдыганы Эркебаев 85% ашуун бюллетендер саналганы боюнча Марат Султановдон 8% ашуун же 1900 ашуун добушту ашык алып, алдыда келатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев 13-марттагы добуш берүүгө мындай баасын берди:

- Жалпысынан бул шайлоолор мурда болуп көрбөгөндөй уюшкандыкта өттү. Шайлоо ачык болду. Көптөгөн байкоочулар көз салды. Добуш берүү аяктагандан кийин талапкерлерге, алардын ишенимдүү өкүлдөрүнө добуш берүүнүн протоколдорунун көчүрмөлөрү берилди.

Анын айтымына караганда, 14-мартта түшкө жуук бардык округдар боюнча маалыматтар толук чыгып калат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 13-мартта шайлоочулар тизмесине киргизилген 1 миллион 478 миң шайлоочунун дээрлик 59% атуулдук милдетин аткарууга келген.

Өлкөнүн Жогорку Кеңешинин жаңы курамында үч аял отурмак болду. Алар Бермет Акаева, Ольга Безбородова жана Шарипа Садыбакасова. Ал эми оппозиция өкүлдөрүнүн саны бештен ашуун болмокчу. Азырынча Бекназаров, Текебаев, Садырбаев, Шерниязов, Масалиевдин Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланганы айкын болду.