ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ ОППОЗИЦИЯНЫ ЭМНЕ ҮЧҮН СЫНГА АЛДЫ?

Кыргызстанда учурда түзүлгөн саясий кырдаал оппозициялык күчтөрдү бириктире алабы? Бул учур шарттаган талылуу маселелердин бири болууда. Айрыкча, «Атажурт» кыймылынын мүчөсү Өмүрбек Текебаевдин Кыргызстан элдик кыймылынын демилгелерин сынга алышы оппозициянын ынтымагына байланышкан маселенин кайрадан көтөрүлүшүн шарттады.
Өткөн жылдын этегинде Кыргызстан элдик кыймылы, «Атажурт», «Жаңы Багыт» кыймылдары, Кыргызстан элдик конгресси жана «Адилет шайлоо үчүн» коомдук бирикме өңдүү саясий уюмдар биригип, саясий күчтөрдүн форумун түзгөн. Алар парламенттик шайлоонун адилет өтүшү, президенттик бийликтин мыйзамдуу алмашышы үчүн кызматташууну убадалашкан.

Айрым байкоочулар парламенттик шайлоо чачыранды оппозицияны чынында эле жакындаштырганын белгилешүүдө. Президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну көздөгөн саясий талаптар, оппозиция тарапкерлеринин карамагына үч облустук , 4 райондук мамлекеттик бийликтин имараттарынын өтүшү, массалык митингдер - мунун ачык далили катары аталууда.

Нааразылык чараларын күжүрмөн координациялап жаткан оппозициянын баамында, бул күч саясий кырдаалдын сыноосунан жакшы өттү. Кыргызстан элдик кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиев мурда калыптанган оппозициялык күчтөрдүн катарын бийликчил жана ортомчул маанайдагы саясатчылар толуктап жатат дейт:

- Бүгүн өтө кеңири биримдик түзүлдү. Бул жеңиштин бирден бир алгачкы кадамы.

Анткен менен, шаршемби күнү «Атажурт» кыймылынын мүчөсү, жаңы шайланган оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаев парламенттик кайра шайлоо, президенттик чукул шайлоо өткөрүү демилгелерин сынга алып, муну популисттик аракет деп баалады:

- Мен бул идеяны кооз, популисттик лозунг катары жагымдуу деп эсептейм. Бирок реалдуулук жагынан, ишке ашыруу жагынан бул өтө эле алсыз аргумент, алсыз талап деп ойлойм.

Текебаевдин пикиринде, оппозиция президенттик эле эмес, парламенттик шайлоо өткөрүүгө да даяр эмес, ошондуктан биригип, күзүндө мыйзамдуу өтө турган президенттик шайлоого даярдануу керек:

- Эртең президенттик шайлоо май айында болуп калса бир да оппозициялык саясатчы, бир да оппозициялык партия ал шайлоого даяр эмес. Эгер биз парламенттик шайлоону уттурган болсок, бир округдан ута албай кыйналып аткан болсок, бүткүл Кыргызстанды көзөмөлдөп, аны алып өтүп кетебиз дегенибиз, бул – саясий аңкоолук, саясий балакайлык болмокчу.

Текебаев балалык ооруга чалдыккан жаш оппозициячылар, оппозиция сымалдар мазмунга эмес, формага кызыгып жатышат дейт. Саясатчынын мындай билдирүүсү ириде экс-премьер министр Курманбек Бакиев жетектеген Кыргызстан элдик кыймылынын өкүлдөрүн ынандырган жери жок:

- Оппозициянын арасында бүгүн эл менен бийликтин ортосунда тымызын иштеп жүргөндөр бар. Ошондуктан менин оюм: жанагы уюшкан, саясий оппозициянын түштүк-түндүгү дебестен, орус-кыргыз-өзбеги дебестен, эгерде 80% эле биригип кете турган болсок, анда кудай буюрса жеңиш болот. Ошондой болду, - дейт Топчубек Тургуналиев.

Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, жаңы шайлоодо жеңишке жетпей калган талапкер Кабай Карабеков оппозициялык саясатчылардын өз көмөчүнө күл тартуучулугу азыркы кырдаалдагы жалпы кызыкчылыкка доо кетириш ыктымалдыгын белгилеп, оппозициялык лидерлердин биригээринен үмүт кылып турганын айтат:

- Азырынча оппозициялык күчтөрдүн ортосунда жаңы жарака жок. Мурдатан келаткан ажырым бирикпей жатат. Алар болгону жеке кызыкчылыкты токтотуп, аны жашыра туруп, акыл-эстин жетегинде келишимге жетиши керек. Калганын шашпай териштирип алса болот.

«Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев кандай болгон күндө да оппозицияны жалпы кызыкчылык бириктирип турарын эстен чыгарбоо керек дейт. Ал эми айрым талаш-тартыштарды саясатчылар ортосундагы кадыресе көрүнүш катары баалоо керек. Анткен менен айрым эксперттер ымалага келаткан оппозиция үчүн кайрадан ыдыроо учуру утурлап келатканын жокко чыгарышпайт жана муну алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырышат. Анткени оппозициячыл саясий лидерлердин басымдуу бөлүгүндө президенттикке талапкер болуу дымагы күчтүү.