ФЕЛИКС КУЛОВ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО ТАЛАПКЕР КАТАРЫ КАТЫШПАЙТ

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев менен «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Кулов президенттик шайлоого байланыштуу өткөн түнү меморандумга кол койду. Ага ылайык Бакиев шайлоодо жеңип чыкса Феликс Кулов премьер-министрлик кызматка дайындалат.
Бул тууралуу Бакиев 13-майда Тоң районунда иш сапар учурунда билдиргенин анын басма сөз катчысы Авазбек Атаханов «Азаттыкка» мындайча кабарлады:

- Курманбек Салиевич мындай деди: кечээ биз Феликс Шаршенбаевич менен кечээ түндө Ынтымак жөнүндө меморандумга кол койдук. Ал боюнча, эгер мен президент болуп калсам Феликс Шаршенбаевич премьер-министр болот.

Авазбек Атахановдун айтымында, бул меморандумга ылайык Феликс Кулов президенттик шайлоого талапкер катары катышпайт. Мындай меморандумга кол коюлганын Феликс Куловдун басма сөз катчысы Руслан Чыныбаев ырастап, меморандумда премьер-министрдин ыйгарым-укуктары кеңейтилгенин белгиледи.