АНЖИЯН КОЗГОЛОҢЧУЛАРЫНЫН БИР ДААРЫ КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕГИНЕ КАЧЫП КЕЛИШТИ

  • Ырысбай Абдыраимов
Анжиянда нараазылык билдирип чыккандарга 13-майда ок атылгандан кийин алардын бир бөлүгү жөө-жалаң качып, 14-майда таң эртелеп кыргыз-өзбек чегарасына келишти. Учурда өзбекстандык 539 адам Жалалабат облусунун Сузак районуна караштуу Карадарыя айыл өкмөтүнүн аймагында турушат. Алар Өзбекстанга кайра барбай турушкандыгын, барса өлүм күтүп тургандыгын билдиришип, Кыргыз өкмөтүнөн, БУУдан жана башка өлкөлөрдөн укуктарын коргоону жана саясий баш калка берүүнү өтүнүшүүдө.
13-майда Анжиян шаарындагы митингчилерге ок атылгандан кийин Кыргызстан тарапка жөө жалаң качкан адамдардын бир тобу чегарага жакындаганда өзбекстандык куралдуу күчтөрдүн огуна кабылышып, бир нече адам набыт болгон. Анжиянга капысынан бара калып, колуна ок тийген оштук тургун Мавлянов Махамад да качкындардын арасында жүрөт:

- Кече Анжиянда колума ок тийди. Ал жакта бизнесмендерге иштегенге жол бербейт экен. Аларды диний экстремист деп камайт экен. Бул жака араң өтөлү десек Өзбекстандын аскерлери аялдарга, балдарга каратып ок атышты. Келатканда үч аял, эки эркек өлдү, жарадарлар да бар, - деди ал жолдогу окуя тууралуу.

Желкесинен жарат алган Анжияндык Бабур Мамаюсупов Жалалабат облусуна келген адамдар Кыргызстан сыяктуу башка өлкөлөр менен Бириккен Улуттар Уюмунан укуктарын коргоп, саясий баш калка берүүнү өтүнөөрүн айтты:

- Милициялар ок атышып, мага ок тийди. Бизге саясий баш паанек керек. Ал жакка кайра кайтпайбыз. Президентибиз Өзбекстан калкын жакшы карабайт.

Кыргыз аймагына Өзбекстандан 539 атуулу өткөн. Ачык асман алдында турган кишилердин 82си аял, 17си жаш бала, 12си түрмөдөн чыккандар жана 18и жарадар экендигин Жалалабат облусунун ички иштер жана саламаттыкты сактоо кызматтарынан билдик.

Умида Калмурзаева, Махфуза Умарова жана ондогон аялдардын айтымында Анжиянда аё болгон эмес:

- Өз энелерине, аталарына, эжелерине, балдарына ок атышты.

- Анжиянга кайтып барсак, бизди өлтүрүшөт. Биз Кыргызстанга өтүп бара жатканыбызда тоодо аёсуз аскерлер ок атышты. Балдар, аялдар өлдү.

Сузак райондук ооруканасы жарадарларга медициналык алгачкы жардам көрсөттү:

- Он сегиз чакты жарат алгандар бар экен. Көрүшүбүзгө караганда ок тийгенге окшоп турат. Ошолордун ичинен эки, үчөөнү стационар шартында дарылаш керек - деди дарыгер Абдулхамит Абдураимов.

Карадарыя айылындагылар качкындарга суу жана тамак аш алып барышты. Облустун губернатору Жусупжан Жээнбеков өзбекстандыктар менен жолугушуп, аларга кыргыз жергесине өтүү мыйзамсыз экендигин айтып, мекенине кайтып барышын түшүндүрдү. Кырдаалга облустагы чек ара, ички иштер, Майлуусуудагы өзгөчө батальондун жоокерлери, милиция кызматкерлери көз салып турушат.