КАРАСУУДА КЫРДААЛ ТЫНЧЫЙ БАШТАДЫ

Кубанычбек Жолдошов, Ош Учурда Карасуулук өзбек атуулдары Шахрихансай чекара бекети аркылуу Кыргызстанга кирип чыгууга мүмкүнчүлүк алышты. Кыргыз чекарачылары чекарадан өтүүнү каалаган өзбек атууладарынын документтерин текшерип, өткөзүп жатышат.
Кыргызстан менен чектешкен Өзбекстандын Карасуу шаарында бийлик көтөрүлүп чыккан элдин колунда турат. Милиция, чегара кызматы сыяктуу мамлекеттик күч органдары бул аймакта дээрлик жокко эссе. Шаардын борбордук аянтына чогулган үч миңден ашуун нааразылык акциясынын катышуучулары Анжияндагы саясий репрессияларды токтотуу талаптары менен чыгышууда. Өзүн Анжиян окуяларынын күбөсү катары тааныштырган Шухратбек Икрамов бул тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Өзүнүн укугун коргоп,нааразычылык менен чыккан элди өз көзүбүз менен көрдүк. Карасуудагы эл сыяктуу өзүнүн укугун коргоп чыккан калктын митингин көрдүк. Кийин саат алты жарым-жетилер чамасында атууга өкүм чыккан соң элдин көпчүлүгү курман болду.

Жергиликтүү тургундардын бири Сабитжан Абдуллаев жер-жерлердеги элдин нааразычылыгын төмөндөгүчө түшүндүрдү:

-Каримовдун ыпластыгы бүт балдарына өтүп кетти.Фабрика, заводдордон эч нерсе ала албайсың. Алардын бардыгы бала-чаксына өтүп кетти. Колхоздор өстүргөн пахталарды да ошолор сатып жатышат.

Анжиян шаарынан качып келишкен адамдардын көпчүлүгү президент Каримов өзбек телекөрсөтүүсү аркылуу жалган маалымат берип жатат деген пикирлерин билдиришти:

- Президентибиз тарабынан жалган кептер көп болду. Анжияндагы окуяларды өз көзүбүз менен көрдүк. Ал жерде эч кандай Хиз-бут-тахрирлер жок болчу. Ал жерде жүргөндөр Каримовдун өзүнүн адамдары эле.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча өкүлү Бектур Аданов Өзбекстандагы кырдаал курчуп кете турган болсо, кыргыз чегарасын көздөй агылган качкындар маселеси пайда болушу мүмкүн деп эсептейт:

- Качкындар маселеси пайда болушу мүмкүн. Бул жерде Карасуу шаарына жана түштүк Кыргызстандын көпчүлүк айылдары Өзбекстанга жакын турат. Эгер кырдаал курчуп, эл Өзбекстан тараптан биз жакка өтүп кете турган болсо биздин өкмөт, биздин эл дайыма даяр жардам беришке.