ЖОГОРКУ КЕНЕШ ДЕПУТАТТАРДЫН АЗДЫГЫНАН ТАНАПИСКЕ ТАРАДЫ

19-майда Жогорку Кеңеш саат 11ге чейин эле иштеп, жума күнгө чейин танаписке тарады. Буга көп депутаттардын ишке келбегендиги себеп болду. Ал эми ишке келгендерин Жогорку сотту ээлеп олтурган атуулдар имараттан чыгарбай пикет өткөрүштү.
Парламент бул күнү мурда кабарлангандай 26-апрелден тарта ачкачылык жарыялаган темир жолчулар жана транспорт тармагынын пикетке чыккан кызматкерлеринин талабын караган жок. Буга темир жолчулардын талабынын орундалганы себеп болду. Депутаттар күн тартибиндеги маселелердин ичинен «Кудуретсиздик» ,«Электр жана почта» байланышы жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу өкмөт сунуштаган эки мыйзамды карап, бирок экөөнү тең кабыл алган жок.

«Кудуретсиздик» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү мурунку бийликтин убагында айрым ишканаларды атайылап кудуретсиз кылып туруп менчиктештирилген жайларды мамлекетке кайра кайтаруу жолун өкмөт сунуш кыла албагандыктан өткөн жок.

Ал эми «Почта жана электр байланышы жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу талаш-тартыш жаратып, талкуулоо кийинки күнгө калды. Талашты болсо аталган мыйзамга мамлекеттик бийлик органдарын өкмөттүк коопсуз байланыш менен өз убагында жана тынымсыз камсыз кылууга Транспорт жана коммуникация министрлигин милдеттендирүү жөнүндөгү жобо жаратты.

Спикер Өмүрбек Текебаевдин айтымында, мурунку президент өзүнүн жардыгын мыйзамдардан жогору коюп, мыйзамдарды жардыгына жараша өзгөртүүгө мажбур кылган. Ушундан улам 2003-жылы Акаевдин жардыгы менен өкмөттүк байланыш боюнча түзүлгөн ишкананын кайсы тармакка тиешелүү экендиги белгисиз бойдон калган.

Спикер Өмүрбек Текебаев эми аны Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына берүү зарылдыгы келип чыккандыктан мыйзамды кабыл алуу керек деп, аны менен бирге президенттин мыйзамга карама-каршы келген жардыктарды чыгаруусуна чек коюуну сунуш кылды:

- Президент өзүнүн жардыгы менен мыйзамга каршы келген жоболорду алып келген. Мисалы, өрт өчүрүү кызматын Күтүүсүз кырдаалдар жана экология министрлигине берип койгон. Биз анын артынан бардык мыйзамдарды жардыкка тууралап жатабыз. Бардык аракет мыйзам менен аныкталыш керек.

Мындай сунушка депутат Алишер Сабиров каршы болду. Анын айтымында, өкмөттүк байланыш кадимки министрликтин карамагында эмес, Улуттук коопсуздук кызматынын карамагында болушу зарыл жана бул байланыш аркылуу сүйлөнгөн маалыматтардын баары жашыруун болууга тийиш. Андай болбосо Транспорт министрлигиндеги катардагы кызматкерге 100 доллар төлөгөн бардык тараптын маалымат алуусуна жол ачылат. Мамлекет эгер мындай опурталдуу чечимге көз жума турган болсо, анда алды менен бир катар мыйзамдарды өзгөртүү зарыл:

-Келгиле, анда Улуттук коопсуздук кызмат жана анын органдары жөнүндөгү мыйзамды өзгөртөлү. Андан кийин гана бул функцияларды Транспорт жана коммуникация министрлигине өткөрүп берели.

Алишер Сабиров мыйзамдардын мындай карама-каршылыгын жана тармактык кызыкчылык менен мыйзам даярдоону токтотуу үчүн долбоорлорду дыкат экспертизадан өткөрүүнү талап кылды.

Парламентарийлердин көпчүлүгү ишке себепсиз келбегендиктен танаписке тароого аргасыз болгон депутаттар имараттан дароо чыгып кете алышкан жок. Жогорку Сотту бир айдан бери ээлеп алгандар имарат алдында пикет өткөрүшүп, Жогорку Сотту кетирүүнү талап кылышты:

-Карапайым элди ойлой турган, чындыкты сүйө турган, таза сотту шайлап беришин талап кылабыз. Сотту алмаштырып бербесе өзүбүздүн ичибизде мыйзамды сүйө турган соттор бар. Аларды карапайым эл өзү шайлап коет,-дешти пикетчилер.

Пикетчилердин талапка жоо берүү шарты аткарылбагандан кийин алар имарат ичине кирүүгө 1-2 жолу аракет кылышты. Бирок эшикти эки катар болуп тоскон милиционерлерди жарып өтө алышкан жок. Ал эми Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаев Жогорку Сот төрагасы Курманбек Осмонов арызын кайра алып кеткенден кийин парламент соттун тагдырын чече албасын билдирди:

- Кырдаалдан юридикалык жол менен чыгуу мүмкүн эмес. Анткени, Осмоновду арыз жазууга эч ким күч менен мажбур кыла албайт. Ошондуктан, бул кырдаалдан саясий жол менен чыкканга аракет кылуу керек.