ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН ӨЗӨКТҮК КУРАЛДАН БАШ ТАРТААРЫ КҮМӨН

Эки жылга созулган татаал сүйлөшүүлөр ушул дүйшөмбүдө туу чокусуна жетип, Бейжиндеги жолугушууда Түндүк Корея ядролук курал программасынан баш тартууга макул болду деген кабар дүңк этти. Бирок дароо эле өлкө бул программадан качан баш тартат, же такыр эле баш тартпай коюшу да мүмкүнбү деген суроо жаралды. Себеби эртеси эле Түндүк Корея атуулдук ядролук реакторлорду алгандан кийин гана атомдук курал программасынын токтотоорун жарыялады.
Дүйшөмбү күнү жаңы эле түндүк кореялык өкүлдөр менен кол алышып чыкканда АКШнын Бейжин сүйлөшүүсүндөгү баш далдалчысы Кристофер Хилл сүйлөшүүдө жетишилген макулдашууну Пхенян, анын коңшулары жана Кошмо Штаттары ортосундагы өз ара ишенимдин белгиси катары мактаган эле:

– Бул келишимди биз албетте Түндүк Корея Демократиялык Жумуриятынын ядролук курал жасоодон өз каалоосу менен баш тартышы деп баалайбыз. Ошондуктан биз ядролук ишканаларды издеп убара болбостон, аларды Пхенян бизге өзү көргөзөт деп күтөбүз.

Арийне, бул тарыхый келишимден бир күн өтпөй, анын аткарылышы коркунучка кептелди: тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Пхенян атомдук курал программасын жок кылаардан мурда өлкөгө тынчтык максаттагы ядролук реакторлордун беришилин талап кылды.

Кошмо Штаттары Түндүк Кореянын мындай талабы кол коюлган келишимге кайчы келет деди. Жапания аны дароо четке какды. Ал эми Кытайдын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Кин Гаң бардык тараптарды өздөрүнө алган милдеттенмелерин аткарууга чакырды.

Бейжинде алты өлкө Пхенян ядролук программасын токтотсо, ага коопсуздук кепилдиги берилет, мунай, энергетика, жана гуманитардык жардам көрсөтүлөт деп макулдашкан эле. Алар Түндүк Кореяны жеңил суу менен иштөөчү реакторлор менен камсыз кылууну "убагы келгенде" сүйлөшөбүз деп келишишкен. АКШнын Мамкатчысынын өкүлү Адам Эрели бул сүйлөм алгач Түндүк Корея атомдук курал программасын токтотот дегенди түшүндүрөт деп чечмеледи.

Пхенян балким кайсы бир тактикалык максаттарды көздөп жаткан болушу мүмкүн. Ошол эле убакта, анын соңку билдирүүсү өз элине багышталганы да ажеп эмес.

Тошимитсу Шигемур Токиодогу Васеда Университетинде Түндүк Корея боюнча сабак берет. Анын көз карашында, Түндүк Кореянын бийлиткери өз элине тынчтык максатта атомдук энергия иштетүүчү реакторлор биринчи берилет деп айткан болушу мүмкүн. Же аскерий жана саясий лидерлер алдын-ала такташып албай, келишимге макул болуп коюшкан.

А балким Пхенян болгону Кошмо Штаттарын алты тараптуу сүйлөшүүдөгү калган шериктери менен араздаштырууну көздөп жаткан болуп жүрбөсүн? Жеймс Лилей мурда АКШнын Сеулда жана Бейжинде элчиси болгон:

- Беш өлкө ынтымакташа баштады. Түндүк Корея мындан катуу коркот. Ал беш өлкөнү беш жакка бөлүп тынышы керек. Кошмо Штаттарын обочодо калтырыш керек. Бул үчүн керек болсо пара берет. Эгер андан майнап чыкпаса, дагы бир амалды чыгарат. Эми эмнени ойлоп чыгарышаар экен, күтө туралы.

Ал эми жапан аналитиги Шигемура Түндүк Корея кимге эмне деп сөз бербесин, анын ядролук куралдан баш тартаарына көзү жетпейт:

– Түндүк Корея ядролук куралынан баш тартууга нийеттүү эмес. Анткени экономикасы эбак сызга отурган, куралдуу күчтөрү алсыз, ошондуктан алда-кача күчтүү аргументке муктаж. Эгер өлкө ядролук куралынан баш тартса, ага эч ким башка көңүл бурбай калаарын жакшы түшүнөт.

Түштүк Корея анын аралыгында Кошмо Штаттары менен Пхенянды элдештирүүдө даяр экендигин билдирди. Анын аралыгында Сеул жетишилген келишимдин негизинде Түндүк Кореяга жардам көрсөтө баштоонун зарылдыгын эскертти.