ЕВРОБИРИМДИК ӨЗБЕКСТАНГА ЭМБАРГО ЖАРЫЯЛАЙТ

Батыш өлкөлөрү Анжыяндагы кандуу окуялардан улам өзбек өкмөтүнө дипломатиялык кысым көрсөтүп келатат. Андан майнап чыкпаарына көзү жеткен соң, Европа Биримдиги келээрки дүйшөмбүдө Өзбекстанга курал-жарак жана башка байланыштар жагынан чектөө киргизээрин жарыялады. Ал тапта Ташкенде Анжыяндагы тополоңду уюштурган деп айыпталган 15 кишинин үстүнөн сот иши уланууда.
Бейшембиде Брюсселде чогулган европалык элчилер Анжыяндагы капсалаңдын тегерегинде көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө уруксат бербей койгон Ташкенге сүр көрсөтө турган мезгил келди деп чечкен шекилдүү. Жыйындын соңунда Шериктештиктин тышкы иштер министрлери 3-октябрь күнү Люксембургда чогулуп, Өзбекстанга карата санкциялар кабыл алаары жарыяланды. Алдын ала маалыматтар боюнча, Евробиримдик бул чаралар алкагында Өзбекстанга курал жарак жана аскердик жабдык экспорттоого тыюу салып, Ташкенге көрсөтүлчү жардамдын көлөмүн азайтмакчы.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Ильхом Закиров кабарчыларга буга байланыштуу “азырынча Евробиримдик андай чечим кабыл ала элек, маселе каралып жатат, алдын ала озунуп комментарий бере албайм” деген жооп узатты.

Евробиримдиктин бул демилгеси Анжыяндагы коогалаңдан кийин Батыш менен Ташкендин ортосунда башталган тирешүүнүн уландысы. АКШ менен Өзекстан өз ара билдирүүлөрү аркылуу кайым айтыша түшкөн соң, өзбек өкмөтү АКШдан Ханабаддагы базасын жыл аягына чейин чыгарып кетүүнү талап кылган. Конгресстин мүчөлөрү ушу тапта президент Каримовго эч кандай жардам көрсөтүлбөсүн деп маселени кабыргасынан коюп жаткан кез.

Бейшембидеги жыйында конгрессмен Билл Делахунт АКШнын коргоо министрлиги өзбек өкмөтүнө акча которгонду токтотсун деп ачууланды:

- Чын-чынына келгенде, мени абдан тынчсыздандырган маселе – Конгресстин көңүлүн өзбек президенти Каримов мырзага буруу. Ал бир кезде биздин “антитеррордук кампаниядагы” өнөктөшүбүз эле, азыр эми баарын орду-ордуна коюп, Каримовдун өкмөтүнөн обочолоно турган мезгил келди.

Эксперттер бирок Ташкен Батыш тараптан соккон муздак шамалдан улам саясатын өзгөртүп ийээри күмөндүү, андан көрө адам укуктарынын акыбалын эске салбаган башка өнөктөштөр тарапка бурулуп кетиши толук ыктымал деп эсептешет. Лондондогу Жэйнс борборунун Евразия боюнча редактору Алекс Ватанка дал ушундай пикирде:

- Өзбекстан менен Евробиримдиктин ортосундагы араздашуудан улам чөлкөмдөгү башка өлкөлөр, маселен Орусия жана Кытай президент Каримовго кызуу колдоо көрсөтүп, андан кандайдыр пайда табууну көздөшү мүмкүн. Анжыяндагы окуялардан кийин Орусия менен Кытай Өзбекстанга жардамын күчөтүп, ал аркылуу бул өлкөдөгү жана жалпы Борбор Азиядагы тышкы саясий максаттарын жүзөгө ашырып жатпайбы.

Ушу тапта Евробиримдик дүйшөмбүдө Өзбекстанга карата катаал чаралар кабыл алса, Ташкен ага кандай жооп узатат деген суроо кызуу талданууда.