30-ноябрь күнү Казакстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрзак Өзбеков журналисттер үчүн пресс-конференция берип, Казакстандагы паспорттук-визалык режимдин күчөтүлүп жатышы 4-декабрда боло турган президенттик шайлоого байланыштуу экендигин маалымдады.
Андыктан 25-ноябрдан 2-декабрга чейин Казакстанда “Укуктук тартип” аттуу жалпы республикалык оперативдик-алдыналуу иш-чарасы уюштурулуп, анын алкагында чет өлкөлүк атуулдардын белгиленген эреже-тартиптерди сактоосу текшерилип жатыптыр. Мындай текшерүүлөрдү өтө зарыл деп эсептешет. Казакстандын Ички иштер министрлиги тараткан маалымат боюнча, соңку 8 ай ичинде эле Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандан 278 миң атуул Казакстанга барып каттоого турган. Андан сырткары, Казакстандын чегарасына жакын жашаган дагы 10 миңдей адам ошол өлкөлөрдөн Казакстанга кирип-чыгып тирлик өткөрүшөт. Кыргызстандан Алматыга эле соңку 11 ай ичинде 19099 адам каттоого алыныптыр жана түрдүү укук бузууларга 1905 адам кириптер болуптур.
Казакстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрзак Өзбеков андан ары республиканын ички иштер министрлиги паспорттук-визалык режимди күчөтүү максатында уюштуруп жаткан “Укуктук тартип” иш-чарасынын Алматы шаарында кандай натыйжа бергендигине токтолду:
- Алматы шаары боюнча эле Казакстандын миграциялык мыйзам актыларын одоно бузган 546 чет өлкөлүк кармалса, алардын 108и Алматынын базарларында соода-сатык кылышкан Кыргыз Республикасынын атуулдары болуп чыккан. Ошол 108 кыргызстандык Алматы шаарынын прокурорунун санкциясы менен, андан сырткары дагы 8 кыргызстандык Алматы шаарынын административдик сотунун чечими менен Казакстан Республикасынын чегинен чыгарылып салынды. Кыргызстандыктарды сүрүп чыгаруу иши Кордой чегара бекетинде ишке ашырылды.
Казакстандын Кыргызстандагы элчиси жогорудагы кыргызстандык атуулдар укуктук тартип-эрежелерди одоно бузгандар, каттоосуз жүргөндөр экендигин баса белгиледи жана учурда Кыргызстандын Казакстанда иштеп жүргөн атуулдары кандай документтер менен жүрөөрүн эскертти:
- Кыргыз Республикасынын паспорту; чегарадан өткөндүгү боюнча миграциялык тастыктама; ижара ээсинин арызы.
Элчи ошондой эле 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Казакстанга кирүү жана чыгуу чектелгендигин маалымдап келип, чектөө кимдерге коюлбагандыгын да атай кетти:
- Чегарага жакын жайгашкандар; дипломатиялык жана кызматтык паспорту барлар; эл аралык уюмдардын өкүлдөрү; транзит менен кетип аткан жүргүнчүлөр; эл аралык жүктү алып бараткандар; окуу жана үй-бүлөлүк иштери менен бараткандар.
Казакстан элчиси сөз соңунда бул иш-чаралардын маани-мазмуну туурасында мындайча түшүнүк берди:
- Бул Кыргызстандын атуулдарына гана багытталган эмес. Биздин өлкөдө мыйзамсыз жүргөн бардык чет өлкөлүктөргө багытталган. Мына Казакстанда президенттик шайлоо да келип калды. Ошол шайлоонун алдында, шайлоонун өтүп жаткан учурунда мамлекеттин коопсуздугун сактоо үчүн уюштурулду бул иш-чаралар.