ЛОНДОН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ООГАНДАРГА БЕРЕКЕЛҮҮ БОЛДУ

Жаныл Жусубжан, Прага Лондондо Ооганстандын келечегине арналган конференция соңуна чыкты. Жыйында донор өлкөлөр 10 жарым миллиард доллар кошумча бөлүүгө сөз беришти. Ооган жетекчилери донорлордун берешендигине жан-алы калбай, ыраазы болушууда.
Лондон конференциясы этиет үмүткөрдүктүн атмосферасында ачылса, андан алда-канча көтөрүңкү маанай менен аяктады.

Анвар ул-Хак Ахади Ооганстандын каржы министри. Ал эл аралык коомчулуктун эки күндөн берки берген убадаларына чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди. Ахади ошондой эле донор өлкөлөр убада берет, бирок сөзүнө турбайт деген ырастоолорду четке какты:

Мурда бизге жардам көрсөтөбүз деген донорлордун дээрлик бардыгы убадасын аткарышты. Акча убада кылынып, бирөк бөлүнбөйт деген туура эмес.

Каржы министринин орун басары Вахидулла Шахрани өз кезегинде сунуш этилген жардам эл аралык коомчулуктун ооган өкмөтүнө болгон ишенимин айгинелээрин белгиледи. Шахрани буга чейин бүткөрүлгөн иштерге токтолду:

Азыр 6 миллион бала мектепке бара баштады. Бүт өлкө боюнча элдин 75 пайызы саламаттыктык сактоонун эң жөнөкөй кызматтарынан пайдалана алышат. Бир канча чоң маанидеги жолдорду бүтүрдүк. Бул бизге экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ыйгарат. Мындан тышкары Азиялык Өнүгүү банкы менен Өзбекстандан электр кубатын алууга келишим түзгөнбүз.

Шукриа Баракзай эки күнгө созулган Лондон конференциясынындагы ооган делегациясынын дагы бир мүчөсү. Талибдердин тушунда кыздардын окушуна тыйуу салынганда Баракзай кыздарды тымызын окутуп келген. Ал конференцияда сунуш этилген жардам анын өлкөсүндө зор мүмкүнчүлүктөрдү жаратаарын билдирди:

Бул зарыл болгондон да көп, менимче. Ооганстанга чоң жардам болот. Ооган атуулу катар, мен бул жардам биздин өлкөнү жаңыртууга көмөк болот деп кубанып жатам.

Баракзай ошондой эле юстиция жана мыйзамды коргоо системаларын өйдөдөн төмөнгө жакшыртуу менен катар, жаңы жолдорду жана мектептерди куруп, көп жылдардан бери азап тартып келаткан элге конкреттүү жардам көрсөтүү керектигин билдирди.

Арийне, жыйналып бүтүп, элдер үйлөрүнө таркай баштаганда эл аралык коомчулуктун жардамы жетишсиз деген пикир айтылды.