Нарын АЙЫП, Прага Жекшемби күнү Украинада парламенттик шайлоо өткөрүлөт жана анын алдында АКШ Украинанын жетекчилигине ар башка колдоо көрсөтүүдө.
Февралда АКШ Украинаны эркин экономикалуу мамлекет катары тааныган, марттын башында Вашингтон Украина менен атайын келишимге кол коюп, анын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киришин колдоду. Аны менен удаа америкалык Конгресс Украинага карата Жексон-Вэниктин кошумчасын алып салуу тууралуу чечим кабыл алды жана 23-марта президент Жорж Буш ал мыйзамга кол койду.
СССР учурунда өлкөдөн чет мамлекеттерге көчүп кетип жаткан адамдардын саны көбөйө баштаган, алар негизинен жөөттөр болчу. Ошондуктан 1972-жылы СССР жетекчилиги атайын чечим кабыл алып, андай адамдарга катуу талап койгон. Алар - мектепте жана негизинен жогорку окуу жайында бекер билим алганы үчүн акы төлөп кетиш керек болуп калган. Ал акыны советтик айлык алгандар үчүн төлөп берүү дээрлик мүмкүн эмес болчу.
Адам укуктарынын мындай бузулганы үчүн АКШ Конгрессинин мүчөлөрү Генри Жексон жана Чарльз Вэник өлкөнүн Соода мыйзамына жаңы кошумча киргизүүнү сунуштаган жана ал кошумча 1974-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, адам укуктарын антип бузган мамлекеттерге соода чектөөлөрү киргизилген жана ал өлкөлөр өзүндө өндүрүлгөн буюмдарды АКШда эркин сата албай калган.
2000-жылы Жексон-Вэниктин чектөөсү Грузия жана Кыргызстанга карата алып салынган. Ошол эле жылы Албания менен Кытай дагы ал чектөөдөн кутулган. Бирок бир топ мурдагы советтик жумурияттар, алардын ичинде Орусияга карата дагы Жексон-Вэниктин чектөөсү эмгиче иштейт. Украиндагы парламенттик шайлоо алдында бул чектөө Киевке карата алынып салынганын бардык эксперттер - Украинанын азыркы жетекчилигине саясий жана экономикалык колдоо көрсөтүү катары баалап жатат.
Ал тууралуу президент Буш өзү дагы айтты: "Жаңы мыйзам Украинанын өнүгүүсүнө жардамдашат. Акыркы 50 жылдагы тарых көрсөткөндөй, дүйнөнүн кайсы болбосун мамлекетинин экономикалык күчүнүн өсүшүндө соода өтө жогору мааниге ээ. Украина менен сооданы кеңейтүү менен бул мыйзам америкалык буюмдар үчүн дагы жаңы аймактарды ачат жана Украинанын эркин экономика куруу багытындагы аракеттерине көмөктөшүп, өлкөдөгү жашоо шарттарын жакшыртат ", - деди президент Буш 23-мартта.
Вашингтон шаарындагы Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун эксперти Жоржетта Пуршонун айтымында, мыйзам кабыл алынаары менен соода көлөмү дароо кеңейип кетээрин күтпөш керек, ошондуктан бул мыйзам Украинадагы шайлоо алдында кабыл алынып жатканын эң биринчи кезекте Киевке көрсөтүлүп жаткан саясий колдоо катары баалаш керек.