КАРАБАХ ЖАҢЖАЛЫ КАЧАН ЧЕЧИЛЕТ?

Армениянын тышкы иштер министри Вардан Осканян бу күндөрү Москвада жүрөт жана бу жерде үч күн болот. Армян министри россиялык ырасмий өкүлдөр менен кеңири чөйрөдөгү маселелерди талкуулаганы жатат, бирок орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен бүгүн өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө Карабах проблемасы козголду. Бул маселе башка жолугушууларда да башкы тема катары талкууланат.
Армян министри Вардан Осканян Москвага жөнөр алдында Россиянын тышкы иштер министрлиги Ереван менен Бакуга кайрылып, тараптар он сегиз жылдан бери уланып келаткан Карабах проблемасы боюнча мунасалуу чечим табышы керектигин эске салды. Москва баарыдан мурда армян жана азери президенттеринин ортосундагы сүйлөшүүлөр зарыл деп эсептейт.Роберт Кочарян менен Илхам Алиев быйыл февралда Парижге жакын жерде – Рамбуеде эки күн сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, тил табыша албай койгон эле. Ошондон соң процесс биротоло туюкка кептелди деп айтыла баштаган. Илхам Алиев өткөн айда Бакуда азерилердин дүйнөлүк конгрессинде сөз сүйлөп, кокус Армения кадамын өзгөртпөсө процесстен чыгарын эскерткен.

“Жакшы бир натыйжага үмүт кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканыбызга он эки жыл болду, анын аркасында жарашуу режими түзүлдү, бирок бул процесс ушу бойдон түбөлүк тура албайт, азери элинин,азери өкмөтүнүн чыдамы түгөнүп баратат”, - деп айткан эле Алиев.

Ал ошондой эле атасы Гейдар Алиевдин сөздөрүн кайталап,эгер дипломатиялык аракеттерден натыйжа чыкпаса, Азербайжан Карабахты күчкө салып тартып алганга аргасыз болорун да эки-үч курдай билдирген. Эми өлкөнүн коргоо тармагында 600 миллион долларга барабар жылдык сарптоолорун көбөйткөнү жатат.

Дегиси бул жаңжалдан чыгуунун мүмкүнчүлүгү барбы? Эки тарапка көп жылдан бери арачылык кылып келаткан Европа коопсуздук жаан кызматташтык уюмунун Мински тобунун россиялык теңтөрагасы Юрий Мерзляковдун айтымында, баары обьективдүү жана субьективдүү факторлорго жараша болот. Обьективдүү жүйөөлөр бар, ички себептерге келгенде болсо дагы көп иштерди жасоо керек. Азыркы учурда эң башкысы сүйлөшүү процессин жандантуу үчүн,анын ичинде президенттердин жеке жолугушууларын өткөрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү табуу зарыл.

Мински тобунун америкалык теңтөрагасы Стивен Манн болсо тараптар мунаса таппаса, мунун арты олуттуу салакаларга алып келерин эскертти. “Акыркы эки жылда бир катар дурус иштер жасалды. Эми келишимге келүү туура жана зарыл кадам болор эле. Кокус тараптар өз таламдары үчүн ушул мүмкүндүктү пайдаланбаса, бул анык трагедия болот”, - дейт Стивен Манн.