ОШ:МАМЛЕКЕТТИК КАРЖЫЛООДОН АЖЫРАГАН ГЕЗИТТЕР НААРАЗЫЛЫК БИЛДИРДИ

Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин алдындагы «Ош жаңырыгы», «Ош садосы» жана «Эхо Оша» гезиттеринин кызматкерлери облустук казынадан каржылоо токтотулуп жатышына нааразылыгын билдиришти. Аталган гезиттердин редакциялары бийлик аларды каржылабай, же толук эркиндикке чыгарбай кармап тургандыгына тынчсызданышып жатышкандыгын белгилешүүдө. Анткен менен облустук бийликтин өкүлдөрү мыйзамдык чаралар кабыл алынса эле каржылоо кайрадан калыбына келе тургандыгын убада кылышты.
Ош облустук акимчилигинин алдында уюштурулган кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде чыгуучу үч гезитке жаңы жылдан бери облустук казынадан каражат бөлүнгөн эмес. «Ош жаңырыгы» гезитинин саясий баяндамачысы Абдыраим Мамытов бийлик аларды каржылабай да, ошол эле учурда толук эркиндикке чыгарбай да койду деген пикирин билдирди:

- Быйыл андай акчасы да, көмөгү да жок. Бизге бөлүнгөн акчанын кенедей үлүшү жок, бирок жылдагыдай эле 100 пайыз өздөрүнүн буюртмасын беришүүдө - деди «Ош жаңырыгынын» саясий баяндамачысы Абдыраим Мамытов.

Учурда өзбек жана орус тилдеринде чыгуучу гезиттердин кабарчылары эки айдан бери айлык алыша элек. Мындай абалга кейиген «Ош садосы» гезитинин баш редактору Махаммадсали Исмаилов облустук бийлик токтомдорун, буйруктарын жана башка материалдарын аталган гезиттер аркылуу басып, бирок ошол эле учурда каржылоо маселесин унутта калтырып жатышкандыгын белгиледи:

- Гезитти каржылабай турган болсо облустук бийлик өзүнүн токтомун чыгар деген талапты койбошу керек эле. Өзүбүзгө эркиндик берсе биз өз жолун таап кетишке аракет кылабыз - дейт «Ош садосынын» баш редактору Махаммадсали Исмаилов.

Анткен менен облустук бийликтин өкүлдөрү каржылоонун токтотулуп келиши президенттин мамлекеттик гезиттерди акционерлерлештирүү жөнүндөгү жарлыгы менен байланыштуу болгондугун, бирок өкмөт аталган жарлыкты аткаруу боюнча ишти кечеңдеткендиктен улам гезиттердин каржылык абалы начарлап кеткендигин мойунга алышты:

- Жыл сайын бул гезиттерге облустук мамлекеттик администрация тарабынан миллион сомдон ашуун дотация, жардам берилип турчу. Быйыл кечигип атат. Бул гезиттердин финансылык акыбалын мен жакшы билем. Бул боюнча эртең бюджет бекилгенден кийин обладминистрация тарабынан тийиштүү чаралар көрүлөт - деген пикирин билдирди Ош облустук акимчилигинин аппарат жетекчиси Дастан Ходжаев.