ТҮШТҮК КАВКАЗДА ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛГОН КИШИЛЕРДИ КИМ ИЗДЕЙТ?

Венера Сагындык кызы , Прага 1990-жылдары Түштүк Кавказды каптаган улуттар аралык уруштар он миңдеген кишилердин өмүрүн алды. Ага кошумча ушул убакка дейре миңдеген адамдар дайынсыз жоголгон жакындарын издеп, таппай келатат. Эл аралык кызыл чырым комитети өңдүү уюмдар Тоолуу Карабак, Абхазия, Түштүк Осетияда жоголгон адамдарды издөө ишине көңүл бурушууда.
Ушул аптада Түштүк Кавказга сапарлап барган Эл аралык кызыл чырым комитетинин президенти Якоб Келленбергер Армения, Азербайжан, Грузиянын жетекчилери менен жолугушуп, кандуу уруш жылдары жоголгон адамдарды издөө ишин жана “чырдуу региондогу” башка гуманитардык маселелерди талкуулады. Эл аралык комитеттин Чыгыш Европалык бөлүм башчысы Изабель Баррас – бул делегациянын мүчөсү.

- Жоголгон кишилердин саны көбөйүүнүн үстүндө. Таң калычтуусу, согуш аяктагандан бери 14 жыл, кан төгүүнү токтотуу келишимине кол коюлгандан 12 жыл өтсө да, биз улам жаңы иштерди ачып жатабыз. Айрым үй бүлөлөр бизге эми жаңы келип, жоготкон жакындары жөнүндө маалымат менен кайрылууда. Бийликтегилердин айткан саны Эл аралык кызыл чырым комитети үйлөрдү кыдырып чогулткан маалыматтан айырмаланат. Биздин маалымат боюнча, Тоолуу Карабак чатагы маалында 3750 киши жоголгон бойдон дайынсыз. Булар ошол жерде жашаган армяндар менен азербайжандар, көпчүлүгү азербайжандар жоголгон,- дейт Изабель Баррас.

Анын айтымында, Эл аралык кызыл чырым комитети дайынсыз жоголгон кишилер жөнүндө маалымат гана чогултпастан, алардын жакындарына жардам көрсөтүп келатат:

- Бул жерде жакындарын жоготкон адамдарга, үй-бүлөлөргө психологиялык жактан колдон келген жардамды көрсөтүү иши да бар. Көпчүлүк жоголгон кишилер эми тирүү табылбай тургандар. Биз Грузиянын бир бөлүгүндө жоголгондорду каттап бүтүп калдык, андан кийин Армения, Азербайжанда бул тизмелер такталса, ысымдары такталбай көмүлгөндөрдү изилдөөдө жардам болоор эле.

Эл аралык деңгээлде “тоңуп турган чатактар чөлкөмү” деп аталып калган Түштүк Кавказда ширеңке тийсе дүрт этип күйчү аймактар да жок эмес. Андайлардын бири – Тоолуу Карабактын чек аралары. Эл аралык кызыл чырым комитети бул жерде чек араны бузду деп кармалган 656 кишини кайра мекенине кайтарууга көмөк көрсөткөн. Жоголгон кишилердин саны жагынан Тоолуу Карабактан кийин Абхазия турат. Бул жерде жакындары кандуу уруш жылдары жоголгон 2000дей кишини издеп, эл аралык уюмдарга кайрылган. Андан сырткары 1992-93-жылдардагы согуш маалында аргасыз жер которгон адамдарды үйлөрүнө кайтаруу маселесинде олуттуу жылыш болгон жок. Эл аралык кызыл чырым комитетинин президенти Якоб Келленберген баштаган делегация Тбилисиде ушул маселени да талкуулаганы маалымдалды.