1874-жылдын бу күндөрү Кыргызстандын түштүгүндө Кокон хандыгына каршы козголоң чыккан. 18-апрель тарыхый эстеликтер жана өрнөктүү жайлардын Эларалык күнү катары белгиленет.
1874-жылдын бу күндөрү Кыргызстандын түштүгүндө Кокон хандыгына каршы козголоң чыккан. Козголоңчулар Түркстан генерал-губернатору Кауфмандын мурдагы жардамчысы, кыргызча түшүнгөн Жоробек деген адамга кат менен кайрылышкан. Катта алар Кокон ханы Кудаярдын көрсөткөн залимдиги жана кыргыздарды казыкка орноткон мыкаачылыгы белгиленип, 200 миң адамдын Россия империясынын букаралыгына кабыл алыныш тилеги айтылат.
1886-жылдын бу күнү Россия империясынын Мамлекеттик Кеңеши Алыскы Чыгыш жана Түркстан аймагына жер которгон адамдарга берилчү акча каражатынын көлөмүн аныктаган. Убактылуу жободо, жол кире, чарба күтүүгө сарпталчу чыгым жана жыгач материалдар үчүн акча каражат бөлүү маселеси каралган.
2004-жылдын бу күнү Бишкек шаарында “Майлысуудагы уран калдыктарын коопсуздандырууга” арналган жыйын ишин улантты. Кыргызстан, Германия өлкөлөрү жана Дүйнөлүк банк менен МАГАТЕ уюмунун өкүлдөрү Майлысуудагы жагдайды талкуулашып, уран калдыктары көмүлгөң жайларды кошумча жабдыш үчүн акча каражат бөлүү маселесин карашты.
18-апрель тарыхый эстеликтер жана өрнөктүү жайлардын Эларалык күнү. Аны белгилөө чечими, 1983-жылы эстеликтерди жана өрнөктүү жайларды коргоо боюнча Эларалык Кеңеш Ассамблеясында кабыл алынган.
Кыргызстан да тарыхый эстеликтерге бай өлкө катары бу күнгө маани берип белгилеп келатат жана өлкөдө көңүл буруп коргой турган – Манастын күмбөзү, Бурана, Өзгөн минареттери, Ташрабат сыяктуу тарыхый эстеликтер, өрнөктүү жайлар арбын.
1945-жылы советтик, анын ичинде кыргызстандык жоокерлерден турган 1-Украин фронту немецтик-фашисттерди кууп, Шпрее суусунан өтүштү.
1946-жылдын бу күнү Женева шаарында Улуттар Лигасын жоюу чечими кабыл алынган. Улуттар Лигасы буга чейин эларалык мамиле жана дүйнөлүк саясатты жөнгө салган уюм милдетин аткарып келген.
Айрым тарыхый маалыматтарда 1848-жылдын бул күнү казак ханы Кененсары кыргыздарга болгон чапкынын баштаган.
1917-жылдын бул күнү Ташкент шаарында Бүткүл түркстандык мусулмандардын I курултайы ишин уланткан. Курултай өткөрүү демилгесин мусулмандардын буржуазиялык уюму аталган “Шуро- и исламия” көтөрүп, анын ишине 150 депутат катышкан. Курултайда чыгып сүйлөгөн Ахмат Зеки Велиди Тоган, Мустафа Чокаевдер убактылуу өкмөткө мамиле, мусулман окуу жайларынын абалы, билим берүү проблемалары сыяктуу көйгөйлүү маселелерди козгошкон.
2003-жылдын бул күнү Ош областынын Карасуу районундагы жер көчкүдөн беш баланын өмүрү үзүлгөн. Каргашага кабылган балдар мектеп жашындагы окуучулар болушкан.
1918-жылдын бул күнү СССР Элдик комиссарлар комитети “Өрткө каршы мамлекеттик чара көрүүнү уюштуруу” Декретин кабыл алган жана бул дата СССР, кийин шериктештик өлкөлөрдө өрт өчүргүчтөрдүн күнү катары белгиленип келет.
1919-жылдын бу күнү Францияда 8 сааттык жумуш күнү туурасындагы Мыйзам кабыл алынган. 8 сааттык жумуш күнүнүн киргизилиши буга чейин турмуш запкысынан азап тарткан жумушчулардын зор жеңиши болуп калган.
Айрым тарыхый маалыматтарга ылайык 1336-жылдын бул күнү теңдешсиз полководец жана мамлекеттик ишмер Тимур, 1818-жылы орус императору Александр II жарык дүйнөгө келген.