Бүгүн Кыргызстандын өнөр жай, соода жана туризм министри Алмаз Атамбаев кызматынан чегинүү жөнүндө чечим кабыл алганын жар салды. Коомчулукка бүгүн таркатылган билдирүүдө Атамбаев азыркы бийликтин саясатына таптакыр каршы болгон үчүн кызматынан чегинип жатканы айтылат.
«Жогорку бийликте мурдагыдай эле үйбүлөлүк саясат дооронун сүрүүдө. Коррупция менен күрөшүү мурдагыдай эле куру чечендиктен алыс узаган жок. Мамлекет башчынын жеке басар бийлигине, төбөлдөрдүн кыянат иштерине бөгөт кое турган реформалардын карааны да жок»,- деп сындаган бийликти Алмаз Атамбаев.
Социал-демократиялык партиянын лидеринин жүйөөсүндө, өлкөдө кылмыштуулук мурда болбогондой кутуруп кетти. Кылмыштуу чөйрөлөр баш көтөрүп, бийликке кысым көрсөтүп, өз билгенине таңуулашууда.
«Кылмыштуулукка каршы туруп, бурчка камап, колун байлагандын ордуна жогорку бийлик аны менен ымалашып, ыгына көнүп, кылмыштуу төбөлдөрдүн бийлик чөйрөсүнө аралашканына жол берүүдө»,-деп айтылат билдирүүдө.
Атамбаевдин билдирүүсүнүн соңунан көп узабай эле анын отставкасы жөнүндө Президент администрациясынын көз карашы да коомчулукка белгилүү болду. Мамлекет башчынын пресс-кызматы таркаткан түшүндүрмөдө Атамбаевдин кызматтан кетип жатканында күтүлбөгөн, сенсациялык эч нерсе жок деп айтылат.
Мындан эки жума мурун Президент Курманбек Бакиев өкмөт мүчөлөрүнө партиялык ишмердикти токтотуп, бүтүндөй өлкөнү кыйынчылыктан алып чыгуу ишине катышуу же кызматын өткөрүп берип, биротоло партиялык саясат менен алектенүү жөнүндө талап койгон. Атамбаев буга жооп кылып, өндүрүштү көтөрүүнүн ордуна партиялык ишмердикти артык көргөнүн билдирип отурат.
«Өкмөттөгү жооптуу участокту-өнөр жай, соода жана туризм министрлигин бул тармактагы тажрыйбасына ишенип, март революциясындагы эмгегин эске алып мамлекет башчы анын дал өзүнө ишенип тапшырган. Бирок, бул ишеним четке кагылды, министр Атамбаев аягында өзүнүн жоругуна саясий боек бериш үчүн эшикти «тарс» жаап кетти»,-деп баса белгиленет Президенттин басма сөз кызматы таркаткан маалыматта.