КӨЧӨ ЖЫЙЫН КАМТАМАСЫ

29-апрелде өтөрү болжолдонуп жаткан демократиялык күчтөрдүн жыйыны тууралуу көпчүлүк арасында аркыл пикирлер айтылууда. Аны ушу тапта байма-бай өтүп жаткан маалымат жыйындарынан деле баамдоого болот.
Чүй боорундагы бейөкмөт уюмдардын «Болуш» ассоциациясынын мүчөлөрү Сапар Аргымбаев менен Уран Рыскулов Курманбек Бакиев президенттикке талапкер болуп жүргөн кезинде анын шайлоо штабында иштешкен. Бир жылдан бери күткөн реформалар токтоп, президенттин шайлоо алдында айткан убадаларынын аткарылышын талап кылуу үчүн алар өз чөнтөгүнөн акча чыгарып, Бишкекке келип, талабы аткарылбаса жарым жылга чейин пикетте отурууга кайыл болушууда.

- Ө.Текебаевдин же болбосо мынабул М.Эшимкановдун талабын аткар деген жокпуз. Биз мынабул программада жазылган, урматтуу президент, мына ушуну аткарыңыз, бизге башка эч нерсенин кереги жок! Тез аранын ичинде кардиналдуу өзгөрүүлөр болуш керек. Эл чыдай албайт азыр. Күтпөйт азыр эл,- дейт Уран Рыскулов.

Ушу тапта шайлоо кайгайы менен жүргөн «Тынчтык» партиясынын саясий кеңеш төрагасы Исмаил Кочкаров 29-апрелде элди дуулдатып, жыйынга алып келүүнүн кажаты жок деп эсептейт.

- Биз 29-апрелге болжолдонуп жаткан митингдерге каршыбыз. Биз өлкө жетекчилигин жана эмгек адамын урматтоого чакырат элек. Шаарды эт, нан, башка азык-түлүк менен камсыз кылып турган кишилерди кадырлаш керек. Мен президент болсом жанагы оппозиция дегендер менен эч качан жолукпас элем. Конструктивдүү оппозиция чыга элек.

Көпчүлүк чогулган сүрмөтоптун ичинде жаңжал чыгып кетишине эч ким кепилдик бере албасын «Аларча жаштары» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Музафар Исаков да белгиледи. Анын ырасташынча, бийлик менен оппозиция ортодогу проблеманы сүйлөшүү жолу менен чечип алганы оң.

- Жаштар өзүбүздүн туруктуу пикирибизди айта билишибиз керек. Айрыкча аны ушундай учурларда, ушундай күндөрдө туура пайдалана билишибиз керек.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун аксакалдар сотунун төрагасы Артыкмат Бегимкулов көчө жыйындарына катышкандарга караганда аны сонуркап көргөнү келгендер арбын болорун айтып, көпчүлүктү антип алагды кылуунун канчалык кажаты бар дейт.

- Өткөндө дагы бир митинг болуп өттү. Ага бардыгы болуп төрт жүздөй киши катышкан болсо, анын көпчүлүгү «кана эми, дагы эмне болуп кетер экен, биз аянтка чейин баралычы, ушу депутаттардын айтканын угалычы», деп артынан ээрчигендер болду.

Улуу Атамекендик уруштун катышуучусу Тамара Балтабаева эл-журтун ынтымакка чакырды.

- Жардам берели. Ынтымак болбосо бир кишинин колунан эч нерсе келбейт. Көпчүлүк, бая «көп түкүрсө - көл болот», дейт. Ошондуктан баарыбыз өзүбүздүн депутаттарга, эми ичинде бар дечи, өкмөтүбүзгө жакшылап колубуздан келген жардамыбызды берип, пикет дегендердин бизге эч кандай кереги жок.

Президент К.Бакиевдин шайлоо алдында берген убадаларынын өтөлүнө чыгышын талап кылып тынч жыйын өткөрүүгө камданып жаткандар менен ага каршы чыгып жаткандар жоопкерчиликти сезип, мунасага келүүсү зарыл экенин 26-апрелде АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да билдирди.