МАСКӨӨДӨ ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНА МҮЧӨ ӨЛКӨЛӨРДҮН ПАРЛАМЕНТ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ЖОЛУГУП ЖЫЙЫН КУРДУ

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы 30-майда Москвада Шанкай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн парламент жетекчилеринин отуруму өттү. Ал уюм пайда болгон беш жыл ичинде бул алардын биринчи жолку өткөргөн жолугушуусу дешет. Төрагалар жыйын акырында кабыл алган жарыяда үстүдөгү жылдын 15-июнунда Шанкайда өтчү олтурум үстүндө көп тараптуу кызматашууну мындан да бийик деңгээлге көтөрүү болорун белгилешкен. Ошондой эле ал отурумга Ирандын президенти чакырылып атканы дайын болууда.
Төрагалар жыйынына ШКУга мүчө Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана былтыр ГУАМ жаатынан чыгып кошулган Өзбекстан делегациялары катышты. Шанкай уюму түзүлгөндөн бери беш жыл болоюн десе да алардын мыйзам чыгаруу органдарынын жетекчилери алгач ирет чогулуш өткөрүп атышы экен. Мунун себебин кайсы бир анализчилер КМШ өлкөлөрүндө ГУАМ жана ШКУ жаатташ топтордун пайда болушунан улам дешет.

Киев шаарында 23-майда ишин аяктаган ГУАМ саммитине европалык өлкөлөрдөн жетекчилер катышкан. Бул жолу ШКУ тобу да катарын арбытуу кебин кылган. Парламентер жетекчилер жолугушуусунда Федералдык чогулуш төрагасы Сергей Миронов ал топтун катары жакында Иран, Пакистан жана Монголиянын парламент жетекчилери менен толукталат деген.

Мыйзам чыгаруу органдарга түздөн түз тийиштиги бар маселелер да кеп болгон. Маселен, бангизатын ташып өтүү, мыйзамсыз миграция, киши сатуу, курал сатуу сыяктуу сөздөр козголгон.

«ШКУ аракет жасаган чекте ага окшош башка уюм түзүлүшүнө Орусия каршы. Андай уюмдарды түзүүнү АКШ сунуштайт. Бирок, мындай маселеде эң башкысы – алака эмес эле мамлекеттердин бирге аракеттенүүсүнө тоскоолдук түзүү жатат», - деген орусиялык Мамдума төрагасы Борис Грызлов кесиптештеринин алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Ушуга окшош ойду Кремлде алты өлкөлүк коноктордун алдында президент да кайталады. Ал ШКУга күнүлөш уюм пайда болду деп айты. Анализчилер болжолунда андай уюм болуп ГУАМ эсептелет.

«Биздин уюм менен анын кандайдыр бир эрегиштик аракеттерди жасашын да көрөбүз. Бирок, биз алар менен эч кандай атаандаштык мелдешке түшпөйбүз!», - деди Владимир Путин.

Келе жаткан айдын ортосунда Шанкайда өтчү ШКУнун беш жылдык мааракесин белгилөөгө Ирандын жетекчисин да чакырып атышканы дайын болду. Ошондой эле кечээ РИА Новости ал чакырыкка Махмуд Ахмадинежад айткан жообун таркатты. Ирандын тышкы иштер министринин ырасмий өкүлү Реза Асефи: «Чукул кырдаал болуп кетип эле жолтоо болбосо, Ирандын президенти ШКУ саммитине катышамын деп айтты», - деген.

Июнь айынан тартып Шанкай кызматташуу уюмуна Кыргызстан төрагалык кыларын агенттиктер жазышат. Кызык жери, аны ушундай болууга тийиш деп журналисттерге Марат Султанов мырза өзү айткан.