1-ИЮНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ОКУЯЛАР

1924-жылдын 1-июнундагы статистикалык маалыматка караганда, Пишпек уездинде 326 мугалим иштеген. 1964-жылдын 1-июнунан тарта борбор шаардын пассажирлерин ташуу графиги такталган.
1856-жылдын 1-июнунда таанымал саякатчы Ч.Ч.Валиханов Жыргалаңда орун алган бугу манабы Боромбайдын айылына барган. Саякатчынын манаптын уулу Кылыч тосуп алган жана ага урмат-сый мамиле көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу Ч.Ч.Валиханов кыргыздардын конок тосуу каадасы, салт-санаасы жана өлүк кою ырасими туурасында кең-кесири кабар берет.

1918-жылдын бу күнү РСФСР Элдик комиссарлар совети нанга монополия киргизген жана нан продукциясына туруктуу баа кабыл алган. Анын негизги максаты, жер-жерлерде, анын ичинде Кыргызстанды каптаган нан тартыштыгы жана көпөстөрдүн андан жасаган кызыл кулактыгына каршы күрөшүү чарасы эсептелинген.

1991-жылдын бу күнү Түркстан Коммунисттик партиясынын III съезди ишин баштады.

1924-жылдын 1-июнундагы статистикалык маалыматка караганда, Пишпек уездинде 326 мугалим иштеген жана алардын 199- кыргыз, 127-орус улутунун өкүлдөрү болушкан. Аталган мугалимдердин 9 жогорку билимдүү, 97 орто билими бар, ал эми калгандары атайын кесиптик даярдыктан өтүшкөн.

Ушул эле жылдын бу күнкү статистикасына ылайык, Пишпек, Каракол жана Нарын уездеринде 623 мугалим иштесе, алардын 447 кыргыз калкынын өкүлдөрү болушкан.

1930-жылдын 1-июнунда Фрунзе шаарына Чехославакия элинин баатыры Юлиус Фучик келген.

1935-жылдын бу күнү мурдагы Краснооктябрская менен Кирова, азыркы Тыныстанов жана Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилдишиндеги Кыргызторг мекемесинде, үлгүлүү-көрсөтмөдөгү бакалейлик – гастрономия дүкөнү ачылды. Дүкөнгө маани берилип, айырмаланышынын өзгөчөлүгү анда иштеген сатуучулар Москвадан тандалып алынган. Мындан улам эл аны “Серая бакалея” деп аташкан.

1964-жылдын 1-июнунан тарта борбор шаардын пассажирлерин ташууну жөнгө салуу максатында завод, фабрикалардын жана мекемелердин иш графиги такталган. Ага ылайык завод, фабрикалар – 7 жана 7 саат 30 минутада; курулуш уюмдары – саат 8де; Илимдер Академиясынын институттары – 8 саат 30 минутада; ЖОЖ жана техникумдар – саат 8 жана 8 саат 30 минутада; Министрлик жана жетекчи уюмдарда – жумуш күнү саат 9да баштала тургандыгы белгиленген.

1994-жылдын бу күнү президент Аскар Акаев Брюсселдеги НАТОнун штаб-квартирасында Кыргызстандын “Тынчтык үчүн кызматташуу” программасына киргендигин күбөлөндүргөн келишимге кол койду. Ошентип, Кыргызстан Шериктеш мамлекеттер арасынан НАТО программасына тартылган биринчи өлкө болуп калды.