Баян Жумакадыр кызы, Прага 5-июнда АКШнын мамдепартаменти адам аткесчилигинине каршы күрөшүү аракеттери дүйнөлүк масштабда кандайча жүргүзүлүп жатканын чагылдырган баяндамасын жарыялады. АКШнын Конгрессинин макулдугу менен жарыяланган бул документте Иран, Сирия жана Өзбекстан адам аткесчилиги маселесине ыкшоолук менен мамиле кылган өлкөлөр катары кескин сынга алынган. Ал эми Сауд Арабия, АКШ баш болгон дагы 9 өлкө азыркы замандагы кулчулук менен адам сатууга каршы ынандырарлык чара көрө албаган өлкөлөр, деп аталган.
Баяндама менен тааныштырып жатып, АКШнын тышкы иштер министри Кондолиза Райс адам аткесилиги проблемасын биздин замандын "адамзатка жүктөп жаткан эң үлкөн адамкерчилик жана ахлактык вазыйпасы" катары сыпаттады. АКШнын болжолунда дүйнө жүзү боюнча ар жыл сайын кеминде 800 миң адам, көпчүлүгү балдар менен аялдар, кулчулук кылууга тете турмуштук жайгдайга туш болот.
"Баардык улуттарды, алар биздин досторубуз болобу, же каршылаштарыбызбы, адам аткесчилигине каршы күрөшүүгө чакырып, өлкөлөрдү чара көрүүгө үндөйбүз. Адам аткесчилигинини бетин ачып, кылмышкерлердин артынан сая түшө жазалап, ал эми алардын курмандыгы болгон кишилерге жаңы турмушту баштоого жардам берген өкмөттөрдүн саны жыл сайын көбөйүүдө", деди Райс.
Баяндама боюнча Иран адам аткесилигине каршы эң начар көргөн үчүнчү топтогу өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген. Былтыр ал экинчи топто болучу. Муну АКШнын мамдепартаментинин адам аткесчилигине каршы күрөшүү маселелери боюнча жооптуу кызматкери Жон Миллер Ирандын кулчулукка түшүп калган, же аткесчилердин курмандыгы болгон адамдарды жазалап жатканы менен чечмелейт.
Ирандан маалымат алуу өтө кыйын, бирок бизге келип түшкөн материалдарга караганда Иран бийликтери адам аткесчилигинен жабыркаган кишилердин өзүн кайра жазага тартып жаткандыгы жөнүндө айтылат, дейт Миллер.
Маселеге эң ыкшоо мамиле кылган үчүнчү топтогу өлкөлөрдүн катарына адам аткесчилигине каршы күрөшүүдө жеткиликтүү чара көрө албаган Өзбекстан да кирген.
Ошону менен бирге эле аткесчиликке жана адамдарды кулчулукка сатууга каршы алгылыктуу чара көрө албаган өлкөлөрдүн катарында Россия дагы аталат. Баяндамада айтылгандай, Россияда адамдардын кул катары пайдаланылганын ырастаган же ырастай алуучу күбөлөрдүн коопсуздугун коргоо үчүн чаралар каралды, өлкөдө аткесчилик кылмышын иликтеп, ага күнөөлүүлөрдү жазага тарткан учурлар көбөйдү. Бирок андай болгону менен бул чаралардын баары чар жайыт, бул кылмышка каршы бейөкмөт уюмдар менен биргеликте ырааттуу күрөшүүнүн туруктуу программасы кабыл алынган эмес. Аткесчиликтен же кулчулуктан жабыркаган адамдар баш баана кыла турган атайын жайлар курулган эмес.
Баяндамада ошондой эле кылмышкерлерге каршы тийешелүү чара көрө албаган Армения сынга алынган. Анын ордуна өлкө кулчулукка туш болгон адамдардын өзүлөрүн күнөөлөгөн учурлар бар.
Аткесчиликке каршы күрөшүүдө жетишерлик болбосо да колунан келишинче чара көрүп жаткан экинчи топтомдогу өлкөлөрдүн тизмесинде Кыргызстан, Беларусь, Босния- Герцоговина, Молдова, Румыния, Грузия, Казакстан жана Тажикстан аталган.
Баяндамага комментарий берип жатып, АКШнын аткесчилик боюнча жооптуу кызматкери Жон Миллер документке бул тармакта жасалган оң жылыштар, мисалы, кылмыш үчүн жоопко тартылгандардын саны өскөндүгү, аталбай калганын белгилей кетти.
"Эгерде мындан бир нече жыл мурда адам аткесчилиги үчүн жоопко тартылган кылмышкерлердин саны жүздөп эле саналса, былтыр жазасын алган кылмышкерлердин саны дүйнө боюнча 3000ге жетти. Быйыл 4700дөй кылмышкер жазасын алууда. Бул жакшы жышана",- дейт Жон Миллер.