Нарын АЙЫП, Прага АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү күтүүсүздөн Иракка барып келди. Президенттин жардамчыларынын айтымында, Иракка ал көптөн бери барып келүүнү каалаган, бирок ыңгайлуу шарт болбой жаткан.
Байкоочулардын пикиринде, америкалык элдин арасындагы Буштун рейтинги өтө төмөн түшүп кетти, ошондуктан АКШ өкмөтүнүн жетишкендиктерин белгилеп, рейтингди көтөрүш керек болчу. 7-июнда "ал-Каида" уюмунун Ирактагы жетекчиси Абу Мусаб аз-Заркави өлтүрүлдү, анын эртеси болсо Ирактын акыркы министрлери дайындалып, өкмөт курамы толук аныкталып бүттү жана белгилей турган жетишкендиктер пайда болду. "Вашингтон пост" гезити менен "Эй-би-си" сыналгысы биргелешип өткөргөн акыркы сурамжылоонун жыйынтыктары көрсөткөндөй, АКШ жетекчилигинин Ирак саясатын Америка элинин 33 гана пайызы колдойт.
Сапар өтө жашыруун даярдалган, ал тууралуу Ирак тарап, мисал үчүн, эч нерсе билген эмес. Президент Буш учак менен Багдадка келип, андан соң аскерий тик учма менен шаардын борборуна жетип, америкалык элчиликке киргенде дагы Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики ал тууралуу эч кабардар болгон эмес. Президенттик сарайда президент Буш менен жолугушуу башталаарына 5 мүнөт калганда гана премьер Маликиге ал тууралуу кабар айтылган.
Дагы бир мисал. Вашингтон шаарынын алдындагы Кэмп-Дэвид деген жерде 12-июнда Ирак маселелери боюнча эки күндүк конференция башталган жана ага АКШнын бир топ жетекчилери чакырылган. 13-июнда болсо алардын жыйынына видео аркылуу Ирак өкмөтүнүн мүчөлөрү да катышат деп айтылган жана көптөгөн америкалык жетекчилер Буштун Иракка кетээрин билген эмес. Чындыгында ал конференцияны 13-июнда Буш Багдад шаарында Ирак жетекчилери менен улантты, видео аркылуу болсо ага АКШ өкмөтүнүн мүчөлөрү катышты.
Сапар учурунда президент Буш Ирактын жетекчилерин өкмөт түзүлгөнү менен куттуктап, Вашингтон аларга мындан ары дагы жардам көрсөткөнүн улантат деп убада берди: "Менин келгенимдин себептеринин бири - Америка сөз берсе, аны дайым аткарат. Ирак ийгиликке жетишин биз чын жүрөктөн каалайбыз. Ал силердин гана кызыкчылыгыңар эмес, ал биздин дагы кызыкчылыгыбызда. Аны эркиндикти эңсеген бардык элдер каалайт", - деп билдирди Буш Багдаддагы жолугушуу учурунда.
Президент Буш Ирактагы америкалык аскерлер менен дагы жолукту жана бардыгы болуп өлкөдө беш саатка жакын өткөрдү.