Мунайга бай өлкөдө эркиндик адатта тартыш болорун байкоочулар азил-чыны аралаш эбактан бери айтып жүрөт. Алардын бул сөзү Freedom House уюмунун шейшембиде жарыяланган отчетунда да тастыкталды. “Өткөөл өлкөлөр 2006-жылы” деп аталган докладда эски совет аймагындагы төрт өлкө - Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Россия энергетикалык табигый ресурстарынын эсебинен экономикалык жактан өйдөлөп баратканы менен демократиялык өнүгүшү төмөндөп кеткени айтылат.
Freedom House өткөөл өлкөлөрдөгү эркиндиктин деңгээлин аныктаганы бу жолу атайын жадыбал түзүп, бир катар чөйрөдөгү абалга, айрыкча маалымат каражаттары менен сот органдарынын эркиндиги, шайлоо процесстеринин адилеттиги жана ачыктыгы сыяктуу маселелерге баа берген. Жадыбалда жалпы упайы жетиге жеткен өлкө авторитардык режим деп табылган.
Отчетто негизинен мунай менен газдын коруна бай төрт өлкө - Азербайжан,Казакстан, Түркмөнстан жана Россия иликтөөгө алынган. Докладда табигый ресурстар аталган өлкөлөрдүн стратегиялык маанисин жогорулатканы, бирок коррупция каптап, эркиндик чөйрөсү улам чектелип баратканы айтылат.
Freedom Houseтун жадыбалында Түркмөнстан – 6.96,Казакстан –6.39 упай алышкан. Отчетто президент Сапармурат Ниязов былтыртан тартып өлкөнүн бүткүл энергетикалык ресурстарын өзү контролдой баштаганы,муну менен Түркмөнбашы жеке финансылык байлыгын арттырганга мүмкүндүк алганы көрсөтүлөт.
Казакстанда болсо 2005-жылы президент Назарбаев бийликке кайра шайланган соң демократиялык өнүгүүнүн чөйрөсү тарып кетти. Оппозиция алсызданды, анын айрым өкүлдөрү табышмактуу шарттарда киши колдуу болушту, бийликты сындаган гезиттер жабылды.
Докладдын автору Жаннет Герингдин айтымында, жалпы эле региондогу өлкөлөр демократиялык ыкмалардан башкаруунун авторитардык формаларына өтө баштады, бул процесс атүгүл мурдагыдан да ыкчамдады.
Азербайжанда да өкмөттүн сая түшкөн саясий куугунтуктарынан жарандык коом бийликке айбат кылганга жарабай калды. Президент Илхам Алиев бүткүл бийликти өз колуна топтогонго жетишти.
Freedom Houseтун отчетунда Россияда жагдай биртке жакшырганы менен камтама кылган көрүнүштөр байкалганы белгиленет. Президент Путин өлкөнүн энергетикалык ресурстарын ички демократиялык процесстерди солгундатуу үчүн гана эмес,коңшулаш өлкөлөргө кысым көрсөтүү үчүн да таасирдүү каражат иретинде пайдалана баштады.
Дегинкисинде, мунайга жана газга бай өлкөлөрдө экономикалык кырдаал жакшырганы менен демократиялык процесстер эмне үчүн төмөндөп баратат?
Freedom Houseтун Будапешттеги кеңсесинин башчысы Кристин Эверсондун айтымында, өкмөттүн колунда акча канчалык көп топтолгон сайын, аталган өлкөлөрдүн лидерлери авторитардык тенденцияларга өткөнү ошончолук мүмкүнчүлүк ачылгандай көрүшөт. Бирок Эверсон байлык башкаруучу элитанын колуна канчалык көп топтолсо, бийлик менен элдин ортосундагы коомдук келишим да ошончолук бошоңдой берерин эскертти.