Нарын АЙЫП, Прага 21-июнда Вена шаарында АКШ менен Европа Биримдиги ортосунда бийик жолугушуу өткөрүлөт. Ирак маселеси боюнча мындан үч жыл мурда Европа менен Америка ортосундагы мамилелерде чыңалуулар пайда болгон, эми болсо, Иран маселеси менен байланыштуу, эки тараптын туруму бир кыйла жакындады.
Жыйынга АКШ президенти Жорж Буш жана мамлекеттик катчы Кондолиза Райс катышат, Европа Биримдигинин атынан болсо саммитке Европа Комиссиясынын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу, Австриянын канцлери Вольфганг Шюссель жана Биримдиктин тышкы саясаты үчүн жооптуу Хавьер Солана келет.
Алгач тараптар жабык жыйын өткөрөөрү күтүлүүдө жана байкоочулардын айтымында, анда Ирандын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселе каралат. Андан соң жогорку жетекчилерге алардын кеңешчилери жана башка эксперттер кошулган жыйын өтөт жана анда - коопсуздукту камсыз кылуу, демократияны таратуу, адам укуктарын коргоо маселелери жана Жакынкы Чыгыш, Балкан жарым аралы, Африка менен башка аймактардагы абал талкууланат. Ошол эле 21-июнь күнү түштөн кийин дагы бир кеңири жыйын болот жана ага экономикалык маселелер, кубат менен камсыз кылуу жагдайлары, СПИД менен куш ылаңына каршы күрөшүү сыяктуу маселелер коюлат деп айтылууда.
Эксперттердин пикиринде, саммиттин эң негизги маңызы - Америка менен Европа ортосунда акыркы жылдарда сууй түшкөн мамилелерди калыбына келтирүү болот жана бул багытта акыркы айларда бир топ оң жылыштар бар. АКШ президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Стивен Хэдлинин айтымында, америкалык жетекчиликтин Европага карата көз карашы акыркы мезгилде бир кыйла өзгөрдү: "Президенттин өзүнүн айтымында, Америка Европанын күчтүү болушун колдойт, анткени дүйнөгө эркиндикти таратуу ишинде Америкага күчтүү Европа керек", - дейт америкалык президенттин кеңешчиси.
Айрым эксперттердин пикиринде, мындан үч жыл мурда Ирак согушу менен байланыштуу АКШ жана Европа ортосунда пайда болгон пикир келишпестиктер акыркы мезгилде Иран маселеси менен байланыштуу кайрадан калыбына келе баштады. Лондондук эксперт Тим Уильямстын айтымында, 2003-жылы АКШ менен Улуу Британия Иракка каршы өздөрү согуш баштагандан кийин, эми Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе боюнча Вашингтон алда канча ийкемдүү аракеттенип, Европанын башка мамлекеттери менен кеңири кызматташууда:
"Президент Буш бийликке келгенден бери Европага карата анын азыркы экинчи өкмөтү жасаган мамилесиндей мамиле мурда болгон эмес. Жана Европа тарап дагы ага оң жооп берүүдө, ошондуктан азыркы мамилелер бир кыйла жылуу, Иран маселеси боюнча алар бир турумду карманып аракеттенүүдө, Ирак боюнча деле эки тараптын мамилеси акыркы мезгилде өзгөрдү", - дейт Уильямс.
Анткен менен АКШ менен Европа ортосундагы маселенин баары чечилип бүттү деп айтуу али эрте. Адам укуктары боюнча Европанын эң негизги уюму - Европа Кеңеши - Куба аралындагы америкалык Гуантанамо базасындагы абал боюнча жана АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги Европанын айрым мамлекеттеринде жашыруун абактарды ачканы тууралуу Вашингтонду дагы эле сынга алууда.