ОЛМЕРТ: ИЗРАИЛ ГАЗАГА КИРГЕНГЕ ДАЯР

Израил аскерлерин Газа тилкесине жуук райондорго топтоштурууда. Жекшемби күнү палестиналык радикалдар туткундап кеткен жөөт солдаты алдыдагы кырк сегиз саат ичинде бошотулбаса, жөөт армиясы кеңири масштабдагы өч алуу операциясын баштайт. Бул тууралуу Израилдин премьери Эхуд Олмерт эскертип, түрмөлөрдөн палестин аялдары менен жаштарын бошотуу жөнүндөгү радикалдардын талабын четке какты. Израил солдатынын туткундалып кеткени үчүн ал жоопкерчиликти “Хамас” кыймылы жетектеген палестин өкмөтүнө жана автономиянын жалпы бийлигине жүктөдү.
Жекшемби күнү чек арадагы тозот жайлардын биринде палестиналык радикалдар жөөттөрдүн аскери бир машинасын жардырып,экипаждын эки мүчөсүн тындым кылып,жарадар болгон үчүнчү солдатты кармап кетишкен эле. Бул иштин жоопкерчилигин кийин “Элдик каршылык комитети” деп аталган топ өзүнө алды, анын палестин өкмөтүн жетектеп турган “хамасчыларга” жакындыгы бар. Комитетчилер израил түрмөлөрүндө жаткан палестин аялдарын жана он сегиз жашка чейинки өспүрүмдөрдү бошотууну талап кылышты. Алардын шартын Израилдин премьери Эхуд Олмерт караманча четке кагып, бу маселе сүйлөшүүлөрдүн же соода-сатыктын предмети эместигин, түрмөдөгү айыпкерлерди бошотуу өкмөттүн дегеле планында жоктугун айтты. Олмерт туткундалып кеткен солдатты 48 саат ичинде бошотуу талабын коюп, генералдарына Газа тилкесине жуук райондорго аскер бөлүктөрүн топтоп, террордук уюмдарга жана алардын жетекчилерине каршы кеңири,узак мезгилдүү операцияга даяр турганга буйрук берди. Операция башталса Газага отун-суу, азык-түлүк берүү иши токтотулат, энергиянын бардык түрлөрү өчүрүлөт.Аймак толук камоолго алынат.

Жекшембидеги иштин жоопкерчилигин Олмерт палестин автономиясынын бийликтерине, анын ичинде президент Махмуд Аббаска жүктөдү. Он тогуз жаштагы ефрейтор Галид Шалиттин өмүрү үчүн “Хамастын” лидерлери керт башы менен жооп берет, деп эскертти Олмерт.

Айрым маалыматтарда жөөт капралы тирүү экени, аны бошотконго хамасчылардын палестин өкмөтүндөгү мүчөлөрү эмес, уюмдун саясий бюросу, анын баш катчысы Халед Машаала каршы болуп жатканы айтылат. Ушундан улам автономиянын президенти Махмуд Аббас Египет бийликтери, арап жана Батыш лидерлери менен жүйүр масилет өткөрүп, абалдан чыгуунун жолдорун талкуулап жатат. Аббас өкмөттүн премьери, “Хамастын” лидери Исмаил Хания менен да жолукту. Бирок анын натыйжасы тууралуу эч кандай маалымат айтылбады.

“Хамастын” башка бир өкүлү ырастагандай, бардык палестин фракциялары Израилдин опузаларына олуттуу маани берип жатат. Бирок ал муну менен израил тарабы палестин калкын коркута албайт турганын да кошумчалады. Ал эми хамасчы жоокердин бири өзүн Абу Абиде деп атап, “сионисттер Газага басып кирсе, мунусу үчүн кийин алар өтө чоң өкүттө каларын” эскертти.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс израил бийликтерин туткундалган солдатты куткаруу үчүн дипломатиянын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга чакырды. Египет болсо Газага чектеш райондоруна 2500дөй полиция күчүн жайгаштырды. Мисирликтер Израил аймакка басып кирсе, качкындардын үйөрдөй толкуну капташы мүмкүн деп кооптонушууда.