ӨЗБЕКСТАН УЙГУР ИМАМЫН КЫТАЙГА ӨТКӨРҮП БЕРДИ

Өзбек бийликтери Кытайга өткөрүп берген канадалык уйгур имамдын үй-бүлөсү анын бошотулушун талап кылууда. Хусейн Жалилди кытай бийликтери өлүм жазасына тартышы мүмкүн. Имамдын адвокаты Крис Маклеод Канаданын өкмөтү Пекинге катуу кысым жасоого тийиш деп эсептейт.
Кытайда калган үч баласына жолукканы Хусейн Жалил быйыл жыл башында Канададан Ташкенге келген эле. 27-мартта аны өзбек бийликтери камап салышат. Имамдын Өзбекстандагы кайын журту июнга чейин андан кат-кабар алып турушкан. Бирок өткөн аптада Ташкенге жакын жердеги түрмөдөн аны коопсуздук кызматкерлери алып кетишкен,ошондон соң имамдын дайынын таппай калышкан.

Канаданын тышкы иштер министрлиги жакында имамдын үй-бүлөсүнө өзбек бийликтери аны Кытайга өткөрүп бергенин кабарлады. Ырасмий Оттава азыр Пекиндин ырастамасын күтүп жатат, андай тастыктама алынар замат имамды бошотуп алганы Канада өкмөтү дипломатиялык аракеттерди көрмөкчү, деп ишендирди тышкы иштер министрлигинин өкүлү. Бирок имамдын үй-бүлөлүк адвокаты Крис Маклеод канадалык бийликтердин Пекинге катуу кысым жасашын каалайт. Канада өз жарандарына мындай мамиле жасоого болбой турганын дүйнөгө далилдеш керек. Өзбекстан жадакалса Канада менен кенедей кеңешип,масилеттешпей туруп эле имамды Кытайга өткөрүп берген.

Адвокат Маклеод имам Жалил Шинжандагы уйгурлардын сепаратисттик кыймылына байланышкан эч кандай кыянат иштерге катышкан эмес деп ырастады.”Анын бар болгон кылмышы – эгер бул кылмыш болсо – Кытайда уйгур балдарын түрк тилине окуткан, мусулманчылыктын жол-жобосуна үйрөткөн, кытай бийликтеринин уйгурларга жасаган репрессиялык мамилесин сынга алган”, - деп айтты адвокат.

Айрым маалыматтарда имам Жалилди кытай бийликтери мындан алты жыл мурда Шинжанда өкмөттүк делегацияга кол салган окуя үчүн айыптаганы жатканы айтылат. Былтыр уйгур активисти Исмаил Семед соттолуп,өлүм жазасына өкүм кылынган. Имам Жалили сот документтеринде Семеддин өнөктөшү катары аталган дешет. Андыктан имам кытай бийликтеринин колуна тийген болсо, ага да ушундай өкүм чыгарылышы мүмкүн.

Өзбекстан борборазиялык башка өлкөлөрдөй жана Россиядай эле Пекиндин кара тизмесинде турган уйгур сепаратисттерин Кытайга кармап бергенге макул болгон. Бирок имам Жалилдин өткөрүлүп берилгенин азыр ырасмий түрдө Кытай да,Өзбекстан да тастыктай элек.

Отуз жети жаштагы Хусейн Жалил мындан он алты жыл илгери Кытайдан Түркияга качып чыккан, 2001-жылы Канадага келип, качкын статусун алган. Имамдын алты баласы бар, үчөө Канадада, аялы Камила азыр кош бойлуу.