СААКАШВИЛИ БУШТУН КОЛДООСУНА МУКТАЖ

Баян Жумакадыр кызы, Прага Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Америка Кошмо Штаттарына 3 күндүк визит менен жөнөп кетти. 3-июлда башталган бул визиттин соңунда ал президент Жорж Буш менен жолугушуп, Грузия- Нато мамилелерин, өлкөнүн территориалдык бүтүндүгү менен энергетикалык көз карандысыздыгын талкууламакчы. Айрым аналитиктер Чоң Сегиздик өлкөлөрүнүн Петербургда өтө турган саммитинин жуп алдындагы жолугушуу менен президент Буш Грузиядагы демократиянын тагдыры Америка үчүн канчалык маанилүү экенин баса белгилеси келип жатат, деп эсептешет.
Президент Буш мындай ишараны биринчи жолу жасап жаткан жери жок. 2005-жылы май айында Тбилисиге келгенинде ал өлкөнүн роза революциясынан кийинки демократиялык өнүгүүсүнө колдоо көрсөткөн эле. Анда дагы серепчилер менен саясатчылар мындай ишара менен Америка Тбилисиге болуп көрбөгөндөй моралдык колдоо билдиргенин белгилешкен.

Америкадагы Хюдсон институнун кызматкери Зейно Баран бул жөнүндө мындай дейт:

"Чоң сегиздик өлкөлөрүнүн саммитинин жуп алдында өтө турган жолугушуусу менен эки президент жылдардан бери чечилбей келаткан жаңжалдар жөнүндө Россияга эскерткиси келип жатат", -дейт серепчи.

Грузия андай чечилбей келаткан жаңжалдардын экөөнө кириптер, булар козголоңчул Абхазия менен Түштүк Осетия проблемалары. Ошондуктан серепчилер Саакашвили Америкага баруу менен бул проблемалар дагы эле күн тартибинде экенин, жана ал Американын президентинен колдоо күтүп турганын дагы бир жолу эстеткиси келет.

Бирок, башка бир серепчилер бул жолугушууга карабастан, алдыдагы Петербург саммитинде АКШ бул маселени Россиянын алдында көтөрүүдөн качышы да мүмкүн дешет. Коопсуздук жана эл аралык маселелер боюнча институттун кызматкери Кори Вельт, тескерисинче, АКШнын администрациясы Саакашвили менен жолугушуу менен бул маселени Чоң Сегиздик саммитинде козгобоонун жолун чабууда деген пикирин ортого салат.

Америкада жана Петербургда боло турган жолугушууларда ошондой эле энергетикалык коопсуздукка байланыштуу маселе да козголмокчу. Велттин пикиринде Америкадагы жолугушуу учурунда Буш Грузияны газ жана мунай куурларын приватташтыруу мүдөөсүнөн азырынча баш тарта турууга үндөйт. Мунай жана газ жолдорун приватташтыруу маселесин кийинкиге калтыра турууга мүүмкүндүк берүү үчүн АКШ Грузияга 295 миллион доллар өлчөмүндө жардам бөлүп берген. Өткөн жылы Миллениум Чэленж аттуу корпорация бул каражаттарды республиканын мунай жана газ системасын оңдоо үчүн жумшаарын билдирди. Серепчи Зейно Баран андай болгондо Россиянын Газпрому мунай жана газдын баасын кымбаттатып, Грузия алдыдагы кычыраган кышта кайрадан жылуулуксуз кала турганын белгилейт.

Ошону менен бирге эле Саакашвили менен Буштун жолугушуусунда Грузиянын Натодогу статусун жогорулатуу маселеси да көтөрүлмөкчү. Грузия Натого кирүүнү көздөөдө.

"Грузин жетекчилиги Грузиянын Натодогу статусун жогорулатуу үчүн Ак Үйдүн колдоосун алууга аракеттенет",- дейт серепчи Кори Вельт.