ИРАН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА АТЫШУУЛАРДЫ ТЕЗИНЕН ТОКТОТУУГА ЧАКЫРДЫ

Төрөкул Дооров, Прага Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад 25-июлда Түркмөнстандан Тажикстанга барды. Ал үч күн бою тажик жетекчилиги менен эки тараптуу кызматташууга жана регионго тиешелүү маселелерди талкуулайт. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал туралуу сөзүндө ал учурдагы абалды “бурганактап турган катуу бороон” менен салыштырып, ушинтип улана берсе, регион талкаланып бүтөөрүн эске салды. Ахмединежаддын билдирүүсү күн тартибиндеги Борбор Азия темасын убактылуу артка жылдырып койгонсуду.
Шейшембиде Иран мамлекетинин башчысы Ахмединежад Жакынкы Чыгыштагы кан төгүлүүнүн токтотулушу зарыл экенин эскертти. “Анткени Израил менен “Хезбалла” радикал тобунун араздашуусу жалпы региондун кыйрашына алып келиши ыктымал.”
Тажик президенти Имомали Рахмонов менен сүйлөшкөндөн кийин Ахмединежад журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып,бүгүнкү “коркунучтуу бороондун” кесепети оор болоорун эске салды.

- Минтип, башка мамлекетке кол салгандан эч нерсе чечилбейт. Тетирисинче, ал мындан дагы татаал проблемаларды жаратат. Башка мамлекетти басмырлап туруп, өзүнүн абалын жакшырта алам дегендер жаңылышат. “Ким шамалды чакырса, чымын-куюн бороонго кабылат” деп коет перстерде. Бул бороон азырынча Жакынкы Чыгыштын бурчунда гана айланып турат. Кийинчерээк ал адамзатка каршы чыккандарга катуу сокку уруп, жок кылышы мүмкүн, - деди Ахмединежад.

Тажик президенти Рахмонов болсо Жакынкы Чыгыштагы атышууларды тезинен токтотуш керек дейт.

- Ислам Конференциясы Уюмунун жана дүйнөдөгү чоң мусулман коомчулугунун мүчөсү катары Ливандагы куралдуу операциялар мүмкүн болушунча тезирээк токтотулушу зарыл деп ишенебиз. Андан кийинки маселелер Ливандын аймактык бүтүмдүгүн жана көз-карандысыздыгын эске алып, Жакынкы Чыгышта бейпилдик болушу үчүн жалаң гана саясий жолдор менен чечилиши керек, - деди тажик президенти Рахмонов.

Иран жана тажик лидерлери биргеликте Израилди “Палестинага жана Ливанга каршы күч колдонуп жаткандыгы үчүн айыптаган” билдирүү кабыл алышты. Алар ошондой эле баардык тараптарды кризисти сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечүүгө үндөштү.

Орусиялык Интерфакс маалымат агенттиги 25-июлда Иран президенти Махмуд Ахмединежад Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулаганын кабарлады.

Шаршембиде “Авеста” маалымат агенттиги Тажикстандын Тышкы иштер министри Талбак Назаровдун сөздөрүн келтирди. Министр Израилди Ливанга каршы чабуулдарды тезинен токтотууга чакырган экен. Назаров аскерий чабуулдарды “чыныгы согуш” деп атап, андан азыр ливандык бейкүнөө 400 дөн ашуун адам өлгөнүн айткан.

Анын алдынан, шейшембиде, Ирандын парламентинин спикери арап өлкөлөрүн бүгүн “кыңк” этип койбой отурушканы үчүн айыптап, ливандыктар менен палстиндерге колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Ошентип Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчуп кетиши ирандык президент Ахмединежаддын Борбор Азияга сапарынын башкы темаларын артка жылдырып койгонсуду.

Тажикстанга үч күнгө барган Ахмединежад негизги көңүлдү эки тараптуу кызматташууга жана коңшулаш Ооганстан менен алкаларга арнайт деп күтүлгөн.

Кантсе да бүгүнкү Израил-Ливан чатагына карабай, иран президенти Борбор Азияга белгиленген сапарын башка мезгилге жылдырбай койгонун көпчүлүк байкоочулар бул региондун Иран үчүн мааниси арта баштаганы менен байланыштырышууда.