1825-жылы Жыргалаңдагы бугу уруусунун арык тукумунан чыккан Олжобай Түлөбердиевдин айлында кыргыз аксакалдары менен бийлеринин курултайы өткөрүлдү. Хандык аскерлердин Сафидбулакта жеңилгендигин уккан Худаяр, 2-августта Абдурахман Автобачи менен Иса Аулие баштаган 7 миң аскерди кыргыздарга каршы аттандырган.
1825-жылы Жыргалаңдагы бугу уруусунун арык тукумунан чыккан Олжобай Түлөбердиевдин айлында кыргыз аксакалдары менен бийлеринин курултайы өткөрүлгөн. Курултайда Кыргызстанга келген Т. В. Нюхалов менен Ф. К. Зибберштейндин экспедициясынын максатын түшүндүргөн кат тапшырылган. Ф. К. Зибберштйндин жазганына караганда ушул эле маалда бугу кыргыздарына Кокон хандыгынан элчилик келген. Алар кыргыздарды бөлүп-жаруу жолу менен хандыктын курамына киргизүү максатында, сарыбагыш кыргыздарын «түгөл кыруу үчүн биргелешип аракет көрүүнү» сунуш кылышкан. Бирок кыргыздар кокондуктардын сунушун кабыл алган эмес.
1874-жылы хандык аскерлердин Сафид булакта жеңилгендигин уккан Худаяр хан 2-августта Абдурахман Автобачи менен Иса Аулие баштаган 7 миң аскерди Кокондон кыргыздарга каршы аттандырган. Көтөрүлгөн кыргыздардын саны 10 миңге жеткени менен алар начар куралданып, жоокерилик тартиби болгон эмес. Анын натыйжасында, Төрөкургандагы салгылашта кокондуктар аларга катуу сокку уруп, салгылашта 300 чамалуу кыргыз шейит учкан. Момун Шамурзаков баштаган калган кыргыздар Чаткалга качып келишкен.
Кокон ханы Насреддинге жакын адамдардын бири Мирза Хаким, 1875-жылдын 2-августунда хандыктын калкы орустарга каршы «газзават-ыйык согушуна» чыкпай тургандыгын кабарлаган. Анын айтымына караганда ыйык согуш идеясын жалгыз Абдурахман Афтобачи жар салып жүргөнү жана аны эч ким колдобой турганы маалым болгон.
1920-жылдын 2-августунда Пишпек уезддик жаштардын 1-съезди ишин аяктаган. Жаштар жыйыны Жибек жолу менен Ю. Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бир кабат кирпич үйдө өткөн. Ал үйдү көпөс Докучаев салдырып, өз убагында ал борбор шаардын архитектуралык үлгүсү эсептелинген. Кийин мында «Серп и молот» типографиясы, «Эркин Тоо», «Батрацкая правда» гезиттеринин редакциялары орун алган.
Бу күнү, б. з. ч. 260-жылы Канн алдындагы салгылашта Карфаген аскер башчысы Ганнибал 80 миң чамалуу Рим армиясын талкалап, 1802-жылы Наполеон Француз Республикасынын консулу атанып, 1626-жылы индеецтердин тилин изилдеген Шарль Ле Лонгуйе, 1733-жылы орус тарыхчысы Михаил Шербатов, 1834-жылы француз архитектору, АКШ борбору Вашингтонду пландаган Пьер Ле Энфан, 1892-жылы «Уорнер бразерс» студиясынын негиздөөчүсү Джек Уорнер, 1945-жылы композитор Георгий Мовсесян, 1952-жылы адабият таанычу Калык Ибраимов жарык дүйнөгө келсе, 1963-жылы актаңдай акын Алыкул Үсөнбаев дүйнөдөн өткөн.
Муратбек Кожобеков