Өткөн аптада Кодор капчыгайына жасалган чабуулду Грузия бийлиги чоң аймактык олжого жетүү катары түшүндүрүүдө. Бирок байкоочулардын баамында, эң башкысы Кодорго кожоюндук кылып келген Эмзар Квитсинацини колго түшүрө албай калгандан кийин айла жок бул операцияга башка түс берүү аракети катары баалашууда.
28-июль күнү грузин президенти Михаил Саакашвили улуттук телеканалдан сүйлөп жатып, Грузия Абхазия аймагынын эң жүрөгүндө көзөмөлдүктү колго алды, ал жакта эми Грузия мыйзамдары жана конституциялык нормалары орнотулат деп билдирди. Ал эми Грузиянын Коргоо министри Иракли Окруашвили болсо бүтүндөй капчыгай грузин полициясынын көзөмөлүндө деп тастыктады.
Бирок грузин бийлиги бир аз аша чаап атканын көптөгөн эксперттер баса белгилешүүдө. Абхаз президенти Сергей Бадапштын маалымат катчысы Кристиан Бжания Грузиянын мындай жыйынтыктарына какшык менен карап, Саакашвили жүрөгү десе, аны биз башкача сөз менен айтабыз деп билдирди.
Сергей Багапш болсо Абхазиянын территориясында грузин аскерлеринин саны өсө берсе ал дагы өз аскерлерин койо берээрин эскерткени бар.
Грузин бийлиги болсо Кодоридеги аскерий операцияга жетекчилик кылган министрлерди мактап, Коргоо жана Тышкы иштер министрликтери биргелешип операцияны ийгиликтүү соңуна чыгарышты деп ырастоодо.
Америкалык аскерий эксперттердин грузин аскерлеринин ишке мамилесине таң калган түрү бар, себеби аба-ырайынын бузулушуна байланыштуу операциянын орто жерден токтотулушу бул чыныгы кол башчыларга мүнөздүү эмес дешет.
Орусиядагы “Ведомости” гезити болсо бир нече эксперттердин пикирин жарыялаганда, алар бир ооздон грузин куралдуу күчтөрү мындай чоң масштабдагы операцияларды жасаганга даяр эмес деп жооп беришкен.
Грузин аскерлерине карматпай кеткен, учурда каякта экени белгисиз Эмзар Квитсинаци болсо грузин аскер күчтөрүнүн иш-аракеттерин тоготпогондой мамиле кылат. Ал грузин көз карандсыз телеканалы аркылуу сүйлөп, грузин армиясынын кол башчыларын өтө орой сөздөр менен сөрөттөдү. Анын пикиринде, грузин куралдуу күчтөрүндө мыкты жигиттер бар, бирок аларды башкарып аткандар аскерий стратегиядан түшүнүгү жок, жада калса аймактык картаны туура окуй албайт.
Учурда Кодор капчыгайында Грузиянын 850 аскери бар. Абхазиянын президенти Сергей Багапш болсо КМШ мамлекеттеринин бейпилдик күчтөрү жана эл аралык байкоочулар бул аймакка киргизилип, мониторинг жасашы керек деп ойлойт. “Андай болбосо, анда Грузия бизге согуш ачып атат деп эсептөөгө болот” дейт абхаз президенти.
Бирок, бул шартка грузин тарап азырынча көнө турган түрү жок. Грузин бийлиги ага чейин абхаз шаарчасы Гудаутада жайгашкан Орусиянын аскер базасын инспекциялоо керек деп көшөрүүдө.
Чолпон Орозобекова